Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңеши жетектөөчү адис ваканттык кызмат орунун ээлөөгө кароо-сынак жарыялайт

Ош шаардык Кеңеши жетектөөчү адис ваканттык кызмат орунун ээлөөгө кароо-сынак жарыялайт

10 декабрь 2018, Понедельник
2 923
0
1. Кесиптик билиминин деңгээли:
-  жогорку билим же орто кесиптик билим (бардык тармактар боюнча);
2.Иш стажы жана иш тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт;
3. Кесиптик компетенттүүлүгү:
төмөнкүлөрдү билүү:
- Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын  (Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Ош шаарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси).
- тийиштүү тармактагы ченемдик укуктук актыларды: Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тил жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары, № 517-токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;
билгичтиги:
- маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
- тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
- кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
- эмгектин жаңы шарттарына көнүү;
көндүмдөрү:
- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
- ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
- башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
- компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.
Жетектөөчү адистин негизги милдеттери:
- шаардык Кеңештин   мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери  боюнча туруктуу депутаттык  комиссиясын тейлейт, анын ишмердигин камсыз кылат;
- шаардык Кеңештин,  туруктуу депутаттык комиссиясынын  иш пландарынын негизинде  шаардык Кеңештин сессиясынын  кароосуна киргизүү үчүн, туруктуу депутаттык  комиссиясы менен биргеликте   тийиштүү материалдарды даярдайт, алар боюнча шаардык Кеңештин токтомдорунун долбоорун иштеп чыгат;
- өзү тейлеген туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасына отурумдарды  алып баруу тартибин даярдап берет, отурумдарынын протоколдорун түзөт; 
- комиссияга тиешелүү болгон маселелер боюнча жарандардан, жеке жактардан, мекеме ишканалардан келип түшкөн каттар жана арыздар менен иш алып барат;
- шаарда, шаардык Кеңеште өткөрүлүүчү ар кандай иш чараларга тейлеген туруктуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн катышуусун,  аларга тиешелүү болгон маалыматтардын, иш кагаздарынын өз убагында жеткирилүүсүн камсыз кылат; 
-  тейлеген туруктуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн депутаттык ишмердүүлүктөрүн аткаруу үчүн ар тараптуу методикалык жана практикалык жардамдарды берет; 
- маалымат түйүндөрүндө шаардык Кеңештин веб-сайтынын ишин жүргүзөт жана талдайт;
- шаардык Кеңештин ишмердүүлүгү боюнча маалыматтардын веб-сайтка өз убагында берилүүсүн камсыздайт;
- сессиялардын материалдарынын электрондук варианттарын депутаттардын электрондук даректерине жайгаштырып, жеткирүүнү камсыз кылат;
- веб-сайттагы депутаттарга даректелген кайрылууларды жеткирет жана жоопторун кайра сайтка киргизүүнү камсыз кылат;
- шаардык Кеңештин сессияларында кабыл алынган токтомдорду коомчулукка жеткирүү максатында шаардык Кеңештин веб-сайтына  кирүүсүн камсыз кылат;
- Ардак грамоталардын, куттуктоо открыткаларынын, күбөлүктөрдүн жана башка типографиялык басмада даярдалуучу иш кагаздарынын  басылуусун жана дизайнынын түзүлүүсүн камсыз кылат;
- квартал сайын аткара турган иштери боюнча пландарды түзөт жана аткарылышынын жыйынтыгы менен отчетторду даярдайт;
- сессиялардын   стенограммаларынын бөлүнүп берилген бөлүгүн  жазат;   
- шаардык Кеңештин төрагасынын,  анын орун басарынын,  аппарат жетекчисинин, бөлүм башчысынын  тапшырмаларын   жана бөлүмдүн ишмердигине тиешеси бар башка иштерди аткарат.   
Кароо-сынакка катышуу үчүн керектелүүчү документтер:
  1. Кароо-сынакка катышуу жөнүндөгү жеке арыз.
  2. Дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык ырасталган).
  3. Өз колу менен толтурулган жана колу коюлган кадрларды эсепке алуу боюнча жеке карточка 3х4 сүрөтү менен (2 даана).
  4. Поспорттун көчүрмөсү.
  5. Эмгек китепченин көчүрмөсү (нотариалдык ырасталган).
  6. Өмүр баян.
Документтер кулактандыруу жарыяланган күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде төмөндөгү дарек боюнча кабыл алынат: Ош шаары, Ленин көчөсү-221, №53-кабинет. 
Сурап билүү телефону 7-11-96. Ош шаардык Кеңеши.
Кароо-сынакты өткөрүүнүн убагы жана датасы кошумча маалымдалат.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)