Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

19 декабрь 2018, Среда
3 080
0
     2018-жылдын 19-декабрында Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болду. Отурумга депутаттык комиссиянын төрагасы Н.Рашев, мүчөлөрү: Н.Алимбеков, К.Камчы уулу, Ж.Тажибаев, К.Мамбетов, Х.Хакимов, О.Абдрахманов шаардык Кеңештин аппарат жетекчиси С.Маматалиева, Ош шаарынын вице-мэрлери, Ош шаарынын тиешелүү кызматтарынын жетекчилери катышты.
Отурумда «Туруктуу өнүгүүгө багыт» Ош шаарын 2018-2020-жылдарда кыска мөөнөттүү өнүктүрүү программасы талкууланып, депутаттар тарабынан аталган программага киргизүү үчүн Ош шаарындагы жолдорду оңдоо, авто тыгындарды азайтуу, калкты таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелерине байланыштуу бир топ сунуштар берилди.




Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)