Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңеши 2019-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоону жыйынтыкташты

Ош шаардык Кеңеши 2019-жылга карата жергиликтүү бюджеттин долбоорун талкуулоону жыйынтыкташты

24 январь 2019, Четверг
3 820
0
Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы Ош шаарынын 2019-жылдагы бюджетинин долбоорун алдын-ала кароо боюнча отурумун өткөрдү. 
Бул отурумда Ош шаардык Кеңешинин депутаттары Ош шаарынын бюджетинен каржыланган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин жетекчилеринин  маалыматтарын угушту.
Отурумда каралган Ош шаарынын 2019-жылдагы бюджетинин долбоору боюнча Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын корутундулары жана сунуштамалары 2019-жылдын 5-февралында өтүүчү Ош шаарынын 2019-жылдагы бюджетинин долбоорун кароо боюнча коомдук угууга жана Ош шаардык Кеңешинин сессиясына сунушталат.






Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)