Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

30 январь 2019, Среда
3 709
0
       Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартип, этика, регламен, мандат жана дин маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү. Отурумга комиссиянын төрагасы Р.Раимбердиев, комиссия мүчөлөрү С.Назылбеков, А.Камалов, тиешелүү мекеме ишканалардын жетекчилери катышышты.
      Отурумда 2019-жылга бекитилген иш планына ылайык, алты маселе каралды. Каралган маселелер депутаттар тарабынан кеңири талкууланып, суроо сунуштар айтылды. Мекеме ишканалардын жетекчилери депутаттар тарабынан айтылган сын сунуштарды туура кабыл алышты. Жыйынтыгында каралган маселелердин төртөө ТДКнын чечими менен кабыл алынып, эки маселе кезектеги шаардык Кеңештин сессиясына сунушталды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)