Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү.

05 февраль 2019, Вторник
3 195
0
2019-жылдын 4-февралында Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.
            Отурумга аталган комиссиянын тутумуна кирген 9 депутаттын ичинен 8 депутат катышты. Алар: Рашев Н.Т.–комиссиянын төрагасы, комиссиянын мүчөлөрү Камчы уулу К., Абдрахманов О.Э., Салиева А.А., Мамбетов К.А.,Алимбеков Н.К., Тажибаев Ж.Д., Хакимов Х.М.
            Отурумда профилдик комиссиянын иш планына ылайык Ош регионалдык шааркуруу жана архитектура боюнча башкармалыгы, Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер, Жапалак жайыт комитетинин 2018-жылга карата иш пландарынын аткарылышынын жыйынтыгы жөнүндө маселе каралды. Мындан тышкары жарандардын арыздарынын негизинде Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүнүн №22 дарегинде жайгашкан мурдагы «Ош-Жибек» айыл-чарба кооперативинин клубун жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий эстеликтердин тизмесинен чыгаруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы №59 токтомуна ылайык Ош шаардык Кеңешинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү маселелери каралды. 
            Күн тартибине киргизилген маселелерди талкулоонун жыйынтыгында Ош регионалдык шааркуруу жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер, Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 31-мартындагы №156, 31-мартындагы № 163, 2016-жылдын 30-майындагы №9 токтомдоруна өзгөртүү киргизүү, «Ош шаарынын муниципалдык менчигиндеги обьекттерге укуктарды берүү тартиби» жөнүндөгү Жобону бекитүү маселелери шаардык Кеңештин сессиясына сунушталды.
            Туруктуу депутаттык комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан аткарылып жаткан иштер, Жапалак жайыт комитетинин 2018-жылга карата иш пландарынын аткарылышы канааттандыраарлык деп табылды.
             Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүнүн №22 дарегинде жайгашкан мурдагы «Ош-Жибек» айыл-чарба кооперативинин клубун жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий эстеликтердин тизмесинен чыгаруу маселеси кызуу талкууну жаратып, маселе артка кайтарылып, Ош шаардык маданият башкармалыгына Ош шаарындагы маданий эстеликтердин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү  тапшырмалары берилди. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)