Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын 2019-жылдагы бюджети боюнча коомдук угуу болуп өттү.

Ош шаарынын 2019-жылдагы бюджети боюнча коомдук угуу болуп өттү.

05 февраль 2019, Вторник
3 637
0
2019-жылдын 5-февралында Ош шаарынын 2019-жылдагы бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу Ош шаарынын тургундарынын, Ош шаардык Кеңешини депутаттарынын, муниципалдык мекеме-ишканалардын, өкмөттүк эмес коомдук уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда кызуу талкуу менен өттү. Бул иш-чара ар жылы Ош шаарында үзгүлтүксүз өтүп келет. Бул иш чаранын программасына ылайык коомдук угууну Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов алып барды. Ал өз сөзүндө бюджеттик угууларды өткөрүүнүн максаты, бюджеттин каражаттарын кайсыл багыттарга жумшалуусу боюнча элге кеңири маалымат таратуу менен бюджеттин ачык айкындуулугуна жетишүү жана кызыкдар тараптардын катышуусу менен көйгөйлөрдү эл алдында кеңири талкулоо жана бул өз кезегинде бюджеттик каражаттардын калктын кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткандыгына ишенимдүү болууга мүмкүнчүлүк берерин белгилеп кетти. Ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормонов Ош шаарынын 2019-жылдагы бюджетинин өзгөчөлүүлүгүнө токтолуп, быйылкы жылдагы бюджетте Ош шаардык капиталдык курулуш жана Ош шаардык жолдор башкармалыктарынын курулуш иштерине былтыркы жылга салыштырганда көп акча каралып жаткандыгы жана Ош шаарындагы Олимп, Киров жана С.Макаренко орто мектептери жана Каркыра балдар бакчаларынын каржы жагы Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын каржы тутумуна бириктирилип, бул өз кезегинде билим берүү тармагына бөлүнүп жаткан акча каражаттарын туура, эффективдүү пайдаланууга мүмкүнчүлүк берерин айтып өттү. Андан кийин Ош шаарынын 2019-жылдагы бюджетинин долбоору боюнча Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Батыров презентация кылды. Андан кийин Ош Интербилим коомдук уюмунун жетекчиси Г.Мамасалиева Ош шаарынын 2019-жылдын бюджетинин долбоору боюнча өткөн жылга салыштыруу менен баяндама  жасады. Негизги баяндамачылардан кийин залдагы катышуучулар Ош шаарынын 2019-жылдагы бюджети боюнча кызыккан суроолорун беришти. Суроолор кагаз жана ооз-эки түрүндө берилип, жеринде жооптор берилди. Ал эми кагаз түрүндөгү суроолорго Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте каралып, жооптору Ош шамы газетасы жана сайттар аркылуу берилери белгиленди. Коомдук угууда айтылган сунуштар Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясында Ош шаарынын 2019-жылдын бюджетин кароодо эске алынаары белгиленди.  

 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)