Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болду.

Ош шаардык Кеңешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болду.

06 февраль 2019, Среда
3 979
0
Ош шаардык Кеңешинин аталган туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун жыйынын туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Ашим Осмонов алып барып, комиссиянын мүчөлөрү С.Нуркамилова, Г.Эсенбаева, Т.Жунусов, С.Курбаназаров, Э.Омуралиева, Е.Исмаилова, А.Мадаминов жана шаардык Кеңештин депутаты О.Абдырахманов, мэриянын өкүлдөрү, тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. Отурумдун күн тартибине Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылга бекитилген иш планына ылайык I-кварталында карала тургана эки маселе каралды.
1.Ош облусу боюнча кызматтын иш аракетин координациялоо милдети жүктөлгөн Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун жана Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын жана Ош шаарынын мамлекеттик залалсыздандыруу бекет мекемесинин иштеринин натыйжалуулугу жөнүндө.
2.«2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылында Ош шаарындагы социалдык мекемелердин аткарган иштеринин жыйынтыгы» жөнүндө.
Жыйынтыгында каралган маселелер боюнча  депутаттар жеринде барып көрүп келишип, отурумда кызуу талкуулоолор менен бирге сын-суштарын тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине айтышып, биринчи маселе шаардык Кеңештин кезектеги сессиясына сунушталды.   
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)