Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын мэриясынын Коллегиялык жыйыны өткөрүлдү

Ош шаарынын мэриясынын Коллегиялык жыйыны өткөрүлдү

07 февраль 2019, Четверг
3 316
0
Бүгүн, Ош шаарынын мэриясынын Коллегиялык жыйыны өткөрүлүп, күн тартибине ылайык Ош шаарынын 2018-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Региондорду өнүктүрүү жылы” жөнүндө Жарлыгынын аткарылышынын жыйынтыктары жана 2019-жылга карата милдеттер жөнүндөгү маселелер талкууга алынды. Коллегиялык жыйынга Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппарат жетекчисинин орун басары Эмилбек Бусурманкулов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ош шаары келечекте өзгөчө колорити бар, саламаттыкты сактоо, билим берүү тармактары жогору жана архитектуралык жактан өзгөчөлөнгөн туризм борбору болуусу зарыл деген сунуш пикирлерин билдирди. Жыйындын жүрүүсүндө Өкмөт башчысы тарабынан берилген тапшырмалар, сунуштар эске алынып токтом кабыл алынды.  
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)