Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » “Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомдук талкуу

“Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча коомдук талкуу

29 январь 2019, Вторник
3 035
0
Ош шаардык Кеңешинин 2018-жылдын 30-октябрындагы №142 токтомунун жана 2018-жылдын 28-ноябрындагы №79 жазма буйругунун негизинде «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча түзүлгөн жумушчу комиссия үч жолу өзүнүн отурумуна чогулуп, депутаттык фракцияларда талкуулап  «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча төмөндөгүдөй чечим кабыл алды:
  1. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобонун 2-главасынын 1-пунктунун акыркы абзацында кашаанын ичинде “(мекеме-уюмдарында)” деген сөздү алып салып, аны кашаасы жок  “менчигинин түрүнө карабастан” деген сүйлөм менен алмаштырылсын.
  2. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобонун 2-главасынын 10-пунктундагы “бештен ашпаган” деген сөз алынып салынсын.
  3. «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого комиссиянын чечиминин 1 жана 2-пунктундагы өзгөртүүлөрдү бекитүү шаардык Кеңештин сессиясына жөнөтүлсүн.
Жогоруда көрсөтүлгөн, «Ош шаарынын Ардактуу атуулу жөнүндө» Жобого киргизилүүчү өзгөртүүлөр коомдун талкуусунан кийин шаардык Кеңештин токтому менен бекитилет.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)