Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын көчмө жыйыны өткөрүлдү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын көчмө жыйыны өткөрүлдү

06 февраль 2019, Среда
3 083
0
            2019-жылдын 6-февралында Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинде болуп өттү.        Отурумдун күн тартибине «Ош шаарындагы жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин коомдук транспортто жүргүнчүлөрдү ташуу убактысы, айдоочулардын маданияты, жол акы жөнүндө”. “Ош шаарында автобустук маршруттарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо конкурстарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө” Жобого өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндө. Ош шаардык мэриясынын Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдагы №128 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө катын кароо маселелери каралды. 
            Отурумда жогорудагы маселелер боюнча тиешелүү ишкана жетекчилер жана ОсОО жетекчилери, айдоочулар тарабынан маалыматтар угулуп,  депутаттар тарабынан айтылган сунуштар эске алынып, маселелер Ош шаардык Кеңешинин сессиясына сунушталды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)