Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы кезектеги отурумун уюштурду.

Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясы кезектеги отурумун уюштурду.

11 февраль 2019, Понедельник
3 090
0
2019-жылдын 11-февралында туруктуу депутаттык комиссиясынынын кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумда кошумча маселелер менен бирге, жалпы 4 маселе каралды.
Анын ичинен: Ош шаарынын мэриясы тарабынан сунушталган, жергиликтүү бюджеттин эсебинен шаардагы социалдык коргоо иш-чараларына бөлүнгөн 6 763,2 миң сом акча каражатын каржылоо жумуштары менен иштөөчү Ош шаарынын мэриясынын штатына Эсепчи штаттык бирдигин кошууга, ага эмгек акы төлөө үчүн сарпталуучу акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндөгү жана “Ош –Тазалык” атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын 188 жумушчусун 2019-жылдын I кварталына эмгек акы менен камсыз кылууга 6 000,0 миң сом акча каражатын карап берүү жөнүндөгү каттары каралды. Аталган маселелер туруктуу депутаттык комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан иликтенип,  Ош шаарынын 2019-жылдагы бюджетинин доолбооруна сунушталып, Ош шаардык Кеңещинин кезектеги сессиясында кароо боюнча токтом кабыл алынды. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)