Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Төрага Ж.Ормоновдун советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктоосу

Төрага Ж.Ормоновдун советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 30 жылдыгы менен куттуктоосу

15 февраль 2019, Пятница
3 435
0
                                                             Урматтуу ардагерлер!
Мындан 30 жыл мурда советтик аскерлер Афганистандан  толугу менен чыгарылган. Афган согушуна миңдеген кыргызстандыктар катышкан. Биз бүгүн ошол согушта берген антын бек сактаган, өз өмүрүн курмандыкка чалса дагы Мекен алдындагы ыйык милдетин аткарган жоокерлерге таазим этебиз! Мамлекетибиздин эли, өз уулдарынан ажыраган ата-энелер, ошол согуштун бардык азап-тозогун баштан кечирген катардагы жоокерлер, Афган согушун эч качан унутпайт. Арадан канча мезгил өтсө дагы каарман жоокерлерибиздин эрдиги биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталышына ишенем. 
Андыктан, Урматтуу жоокер-интернационалчылар Советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылгандыгынын 30 жылдыгы менен Ош шаардык Кеёешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм. Сиздер Кыргызстандын тынчтыгы жана гүлдөп өсүшү үчүн өзүңүздөрдүн баа жеткис күжүрмөн тажрыйбаңарды жаштарыбызга үйрөтүп, дайыма биздин сыймыгыбыз жана элибиздин татыктуу коргоочулары болуп жүрүшүёөргө  тилектештигимди билдирем. Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, бакыт-таалай жана бакубатчылык каалайм. Сүйүктүү Кыргызстаныбыз гүлдөп өнүгүп, дайыма тынчтыктын, достуктун ураанынын бийик туткан мекенчил жоокерлерибиз катырыбызда аман болушсун! 
Ордолуу Ошубуздун көп улуттуу эли биримдикте болуп, мамлекетибиздин пайдубалын түптөөгө жана жаштарыбыздын келечегин курууга багытталган тилек-максаттарыбыз орундалсын.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)