Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү

21 сентябрь 2022, Среда
675
0

  Бүгүн, 21-сентябрь Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

  Отурумга туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Э.Арзиев, комиссиянын мүчөлөрү Х.Ахмаджанов, К.Папишов, М.Мырзабеков, И.Абдрахманов, Ж.Сайфуллаев жана Ош шаарынын вице-мэри Ж.Азимов, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Отурумдун күн тартибинде негизинен Ош шаарындагы убактылуу пайдалануу боюнча ижарага берилген жер тилкелери жана ижара акысы жана Ош шаарынын тургундарынын кайрылуулары боюнча жергиликтүү бюджеттин эсебинен материалдык жардам берүү жөнүндөгү каралды. 

Отурумдун күн тартибиндеги маселелер боюнча маалыматтар берилип, туруктуу депутаттык комиссиянын депутаттары тарабынан маселелер кызуу талкууланып, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясына сунушталды.   

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)