Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Төрага Индия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси менен жолугушту

Төрага Индия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси менен жолугушту

20 февраль 2019, Среда
3 199
0
Бүгүн, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов Индия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси Алок Амитабх Димринди расмий кабыл алды. Жолугушууда эки мамлекеттин кызматташуулары аркылуу социалдык-экономикалык тармактар боюнча тажрыйба алмашуу иш-аракеттери жакшы жолго коюлгандыгы белгиленди. Төрага, Ош шаарынын күн сайын ар тараптан өнүгүп жаткандыгын белгилеп, өндүрүш, продукцияларды кайра иштетүү, экспорт маселелери боюнча Элчиге сунуштарын айтып, кеңири пикир алмашышты. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап ыраазылыктарын билдирип, эстелик белектери менен алмашышты. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)