Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу азем өткөрүлдү

23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу азем өткөрүлдү

22 февраль 2019, Пятница
4 710
0
            Бүгүн Ош гарнизону тарабынан уюштурулган 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу азем өткөрүлдү. Салтанатка Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов жана Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдор катышышып, мекен сактыларын майрамы менен куттукташты. Төрага, бул майрам эрдиктин, эр жүрөктүүлүктүн жана чыныгы мекенчилдиктин символу катары баалуу экендигин белгилеп, Куралдуу Күчтөрдүн жоокерлеринин катарында, укук коргоо системасында жана улуттук коопсуздук органдарында кызмат кылып, мамлекетибиздин коопсуздугунун сакчылыгында турган эр азаматтарга Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан каалоо-тилектерин билдирди. Майрамга карата шаардык Кеңешинин баалуу белеги жана Ардак грамоталары тапшырылды. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)