Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » «Энелер күнүнө” карата Ош шаардык Кеңешинин куттуктоосу

«Энелер күнүнө” карата Ош шаардык Кеңешинин куттуктоосу

16 май 2021, Воскресенье
1 280
0



 

Кымбаттуу апалар! Урматтуу энелер!



Сиздерди, мамлекетибизде жыл сайын белгиленип келе жаткан «Энелер күнү” менен Ош шаардык Кеңеши чын дилинен куттуктайт!

Ордолуу шаарыбыз  көрккө бөлөнүп, ырыскы-берекенин, ыймандуулук менен мээримдүүлүктүн нурлары өзгөчө кулпуруп чачылып турган кези. Жүрөгүбүздүн  төрүнөн орун алган асыл энелерибизге, апаларыбызга арналган бардык каалоо-тилектер орундалсын! 

Биз, адашсак жол көрсөткөн, мээримин чачып таалим-тарбия берген, мүдүрүлсөк жөлөк болуп, өмүр бою жаныбызда жолдош болгон асыл  энелерибизге, апаларыбызга башыбызды ийип таазим кылабыз.

            Энелеребиз өзүнүн улуу касиети менен элибиздин ынтымагын, биримдигин сактоого салым кошуп келе жаткан кайратман эмгегинин арты менен элибиз кылым карытып, урпактан-урпакка жашап келүүдө.

            Энелерибиздин акылмандыгы, айкөлдүгү менен дүйнө сулууланып, өсүп-өнүгүү сакталып келет. 

“Эне үйдүн куту” деген асыл сөздөргө жашыбыз өтүп, чачыбызды ак басып калса да күн сайын баа берип, таасирин сезип келебиз. Андыктан жер жүзүндө кандай гана жакшы саамалыктар жаралса, анын башаты бул энелер, сиздерсиздер. 

Аялзатынын асыл мүдөөсү, аруу тилеги – улуттун улуу көчүн өксүтпөй улаган, мекен үчүн кызмат кылган, эли жерин сүйгөн инсандарды тарбиялоо деп эсептейбиз.  

            Сиздерди дагы бир жолу, бизге улуу күн болуп эсептелген “Энелер күнү” менен куттуктап, дайыма бактыбызга аман болуп, төрүбүздүн көркү, үйүбүздүн куту болуп жүрө беришиңиздерге тилектешпиз!



Урматтоо менен 

Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы Жапарбек Ормонов 











Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)