Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кенешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын көчмө жыйыны болуп өттү

Ош шаардык Кенешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын көчмө жыйыны болуп өттү

27 май 2021, Четверг
1 011
0


Бүгун 27-май күнү Ош шаардык Кенешинин социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы А.Осмоновдун жетекчилиги астында көчмө жыйын болуп өттү. Көчмө жыйындын максаты, бүгүнкү күндөгу Ош шаарындагы балдарды коргоо, асыроо, убактылуу кармоо багытындагы социалдык обьектилердин жүргүзүп жаткан иштеринин учурдагы шарттары жана көйгөйлөрү менен жеринен чыгып таанышуу болду.

Ал эми күндүн экинчи жарымында жогоруда аталган туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму Ош шаардык Кеңешинин жыйындар залында уланып, күн тартибине ылайык социалдык тармактын тиешелүү мекеме-ишканаларынын жетекчилеринин маалыматтары угулуп, депутаттар тарабынан суроолор, сын-сунуштар айтылып, протоколдук тапшырмалар берилди. Ош шаардык Кеңешинин 2021-жылдын иш-планына ылайык I жана II кварталдагы маселелер боюнча Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясында кароо сунушталды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)