Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » КР Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү белгиленди

КР Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнү белгиленди

23 июнь 2021, Среда
1 097
0

Бүгүн, Ош шаарында 23-июнь – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанатуу азем өткөрүлдү. Иш чарага Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери, жетекчилер жана кызматкерлер катышышты. 

Төрага Ж. Ормонов ардактуу кесип ээлерин жалпы эл өкүлдөрүнүн атынан куттуктап, аларга профессионалдык жетишкендик, ийгилик жана бакубат өмүр каалады. Салтанаттуу күнгө карата үзүрлүү эмгеги, кесипкөйлүгү жана баалуу эмгектери үчүн бир катар кызматкерлерге Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын жана баалуу белектерин тапшырды.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)