Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Кыргыз Республикасынын Туу күнүнө арналган салтанатуу азем өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Туу күнүнө арналган салтанатуу азем өткөрүлдү.

01 март 2019, Пятница
2 924
0
Бүгүн, Ош шаарынын борбордук аянтында Кыргыз Республикасынын Туу күнү белгилентип ага Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош облусунун ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, жана шаардыктар катышышты. 
            Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Каналиев шаардыктарды Туу күнү менен Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормоновтун жана жалпы депутаттардын атынан куттуктап, өз сөзүндө Манас бабабыз көк асаба, кызыл туунун алдында "курама жыйып журт кылып" мамлекет түптөп, Ала-Тоону коргогон сыяктуу жаштарды мекенин сүйүүгө, патриоттулукка, мамлекеттик эн белгилерди урматтоого үндөө учурдун талабы экендигин баса белгиледи. 
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)