Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » БШКнын Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуусу

БШКнын Кыргыз Республикасынын жарандарына жана саясий партиялардын өкүлдөрүнө кайрылуусу

13 август 2021, Пятница
839
0

          Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары жана саясий партиялардын өкүлдөрү!


        Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргыз Республикасынын кээ бир аймактык шайлоо комиссияларынын – Бишкек, Ош аймактары, Баткен облусунун Баткен шаардык,  Баткен, Кадамжай, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Лейлек Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Чаткал, Майлуу-Суу, Жалал-Абад,      Таш-Көмүр, Тогуз-Торо, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз, Каракол, Түп, Ысык-Көл, Тоң, Нарын облусунун Ат-Башы, Ак-Талаа, Жумгал, Кочкор, Нарын шаардык, Нарын, Ош облусунун Алай, Чоң-Алай, Ноокат, Кара-Кулжа, Өзгөн, Талас облусунун Бакай-Ата, Манас, Кара-Буура, Талас шаардык, Талас, Чүй облусунун Аламүдүн, Жайыл, Ысык-Ата, Москва, Кемин, Чүй, Сокулук, Панфилов, Токмок аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерин толуктоо максатында, саясий партиялардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органдарынан өкүлдөрдү көрсөтүү тууралуу жарыялайт.

Аймактык шайлоо комиссиялары – жарандардын шайлоо укуктарын коргоону жана ишке ашырууну камсыз кылган, шайлоону даярдоону жана өткөрүүнү уюштурган коллегиалык орган болуп саналат. Аймактык шайлоо комиссияларынын курамындагы иш жооптуу жана шайлоо мыйзамдарына ылайык так жүргүзүлөт.

    Ошол себептен, аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүүдө жарандардын макулдугун, алардын шайлоо комиссияларынын ишине даярдык деңгээлин, иш тажрыйбасын эске алуу зарыл.

        Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине жарандардын чогулушунан, коомдук бирикмелерден талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдору чогулуштун төрагасынын жана катчысын колтамгасы менен күбөлөндүрүлүшү керек. Протоколго жашаган жери көрсөтүлгөн жана кол тамгалары менен күбөлөндүрүлгөн чогулушка катышкандардын тизмеси тиркелүүгө тийиш.

         Саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү алардын уставына ылайык жүргүзүлөт. БШКага саясий партиянын жетекчисинин (жана чогулуштун төрагасынын) колтамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүргөн тийиштүү документ тапшырылат.

         Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге төмөнкүлөр тиркелет:

-аймактык шайлоо комиссиялардын резервинде иштөөгө макулдугу жөнүндө талапкердин арызы жана Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин сактоо жөнүндө милдеттенмеси;

-паспортунун көчүрмөсү;

-иштеген, окуган жерин, билимин көрсөтүү менен өмүр баянына тиешелүү маалыматтары (кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы же резюмеси);

-байланыш маалыматтары: жашаган жеринин дареги, телефону.

         «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын             22-беренесинин негизинде төмөнкүлөр АШКнын мүчөсү боло албайт:

- Жогорку Кеңештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары;

- судья, укук коргоо жана фискалдык органдын кызматкери, аскер кызматчысы;

- талапкер, талапкердин жана саясий партиянын өкүлү;

- башка мамлекеттин жарандыгы бар адам;

- мыйзамда белгиленген тартипте, соттуулугу алып салынбаган же жоюлбаган адам;

- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү;

шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнөн мөөнөтүнөн мурда терс негиздер боюнча бошотулган адамдар.

Көрсөтүү субъектилери шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкер, эреже катары, тиешелүү калк жашаган пунктта жашашы керек экенин эске алуулары зарыл.

         Жарандардын чогулушунан, коомдук уюмдардан аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 20-августунун саат 18-00гө чейин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарында (шаардык, айылдык кеңештерде) кабыл алынат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары сессиясында каралган документтерди (сессиялардын токтомдору жана көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси менен) тиешелүү АШКга берет. БШКнын тиешелүү АШКдагы атайын өкүлү бүт документтерди БШКга тапшырат. 

         Аймактык шайлоо комиссияларынын резервдерине саясий партиялардан талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө протоколдор 2021-жылдын 20-августунун саат 18-00гө чейин саясий партиянын жетекчи органынын өкүлү тарабынан БШКга тапшырылат. 

         «Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө» жана «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» жоболор менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын www.shailoo.gov.kg расмий сайтынан таанышсаңыздар болот.


Маалымат алуу телефону: (0312) 66-01-16, (0312) 66-01-18


Эскертүү: «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 2-пунктунун негизинде аймактык шайлоо комиссияларынын курамында ар бир саясий партиядан бирден ашык эмес өкүл болушу мүмкүн, башкача айтканда, тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясынын курамында турган саясий партиялар (БШКнын расмий сайтын караңыз) ошол аймактык шайлоо комиссиясынын резервине документтерди берүүсү мүмкүн эмес. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)