Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » «Ак калпак» күнүнө карата Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун куттуктоосу

«Ак калпак» күнүнө карата Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун куттуктоосу

04 март 2019, Понедельник
2 950
0
Урматтуу шаардыктар жана шаарыбыздын коноктору!
          Биз жыл сайын кыргыз элинин улуттук баалуулугу катары эсептелген Ак калпагын даңазалап, шаарыбызда салтанаттуу иш чараларды өткөрүп келебиз. 
       Андыктан Сиздерди салтанаттуу жана өзгөчө сыймыктуу күнүңүздөр менен шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм!
          Ак калпак кыргыз элинин атадан балага өтүп келген улуу мурасы катары улуттук кийимдердин ичиндеги өзгөчө орду бар баш кийими. Акылман аталарыбыздын, алгыр жигиттерибиздин жана балдарыбыздын башынан ак калпагы эч качан түшпөй кыргыздын символу катары бааланып келе жаткандыгы биз үчүн сыймыктуу. 
           Баарыбызга белгилүү болгондой кыргыз элинин ак калпагы өзүнчө нравалык тарбия берүүгө өбөлгө түзгөн маани-маңызы жана максаты камтылган тарыхы бар десем жаңылышпаймын. 
Элибиздин кылымдар бою келе жаткан каада салтын, нарк-насилин бизден кийинки муундарга да татыктуу калтырып, өткөрүп берели. 
        Шаарыбыздын бардык мырзалары, кырчын курак эр азаматтары улуттук улуу наркыбызды сактап, өздөрүнүн жашына шайкеш келген ак калпактарын кийип бул күндү шаңга бөлөп, өзгөчө көрк кошуп келе жатышкандыгы биз үчүн кубанычтуу. 
Андыктан Кыргыз элибиз, кыргыз жерибиз жана биздин ак калпагыбыз дайыма биз үчүн баалуулугун жоготпой алдыга карай жасалып жаткан мамлекетибиздин өнүгүү жолунда биргеликте бололу. Ордолуу Ош шаарыбыздын зоболосу көтөрүлүп, жаштарыбыздан ыйман кетпесин.     
          Элибизде аманчылык, тынчылык болуп, сүйүктүү мамлекетибизде бакубат жашоо өкүм сүрсүн.  
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)