Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп өттү

08 сентябрь 2021, Среда
834
0

2021-жылдын 8-сентябрь күнү Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп  өттү.

Отурумда депутаттар Ош шаарындагы жылуулук-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш тармагын тейлеген мекеме-ишканалардын жетекчилери менен таанышып, аткарылган жана аткарып жаткан иштери тууралуу пикир алышты.

Негизинен «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын, «Ош шаарынын муниципалдык турак-жай» коммуналдык башкармалыгынын, «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасы жана «Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын аткарылып жаткан иштери каралды.

Соңунда Ош шаардык Кеңештин комиссия мүчөлөрү шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери менен Ош шаарынын күз-кыш мезгилдерине даярдыкты жогорку деңгээлде  өткөрүү боюнча сунуштарын айтышты.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)