Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Билим берүү кызматкерлеринин Август конференциясы өткөрүлдү

Ош шаарында Билим берүү кызматкерлеринин Август конференциясы өткөрүлдү

13 сентябрь 2021, Понедельник
4 529
0

Бүгүн Ош шаарындагы билим берүү кызматкерлеринин Август конференциясы өткөрүлдү. Конференцияга Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, шаар мэри Алмаз Мамбетов, билим берүү кызматкерлери, ата-энелер коомчулугу жана тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышышты. Төрага өз сөзүндө шаардагы билим берүү тармагынын негиздүү ордун белгилеп, ийгиликтер менен катар көйгөйлүү маселелердин чечүү жолдорун аныктоо зарыл экендигин билдирди. Билим берүү тармагын өнүктүрүүгө жана ар тараптан колдоо көрсөтүүгө Эл өкүлдөрү даяр экендигин билдирүү менен, алдыдагы өткөрүлүүчү шаардык Кенешинин сессияларында мектеп жана балдар бакчаларынын материалдык жана техникаларын базаларын чыңдоо, мугалимдерге колдоо көрсөтүү, кадрлар менен камсыздоо маселелеринин каралаарын белгиледи. Конференциянын алкагында мыкты мугалимдерге Ош шаардык Кеңешинин Ардак грамоталарын жана расмий белектерин тапшырды. 


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)