Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормоновдун 8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата куттуктоосу

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормоновдун 8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата куттуктоосу

06 март 2019, Среда
3 174
0
Урматтуу айымдар: энелер, апалар, эжелер,
карындаштар!
         Сиздерди жаркыраган жаз айындагы 8-март Аялдардын Эл аралык майрамы менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм! 
Бул дүйнөдөгүнүн баары — байлык, бирок баарынан баалуусу — Аял» деп айтылгандай Сиздер дүйнөдөгү сулуулуктун, мээримдүүлүктүн, акылмандыктын жана аруулуктун символу болуп келе жатасыздар.
Апа”, “Аял” - бул ааламдагы эң ыйык сөздөр. Бул сөздөрдүн ичинде эч нерсеге алмаштыргыс улуу таза сезимдер камтылган.   
Үй-бүлө очогунун сактоочулары болгон кымбаттуу апаларга бизге өмүр тартуулаганы үчүн терең таазим кылып, аялзатынын талыкпас эмгегине, чыдамкайлыгына чын жүрөктөн ыраазылык сөздөрдү айтабыз. Сиздердин колдооңуздар, ишеничиңиздер бизге өзгөчө дем берип, бардык тоскоолдуктарды, кыйынчылыктарды жеңүүгө шыктандырып турат. 
          Сиздер ар бир инсандын коомдогу ордун аныктап турган, үй-бүлөнүн түптөлүшүнө себепкер болуп, анын туткасын бекем кармап, энелик мээриңиздердин касиеттүү нурлары менен келечектин жолун ачып турасыздар. Анткени сиздер үйдүн куту, жашообуздун учугун улаган балдарыбыздын мээримдүү энеси жана сүйүктүү жарсыздар.
           Мамлекеттин ячейкасын түзгөн ар бир үй-бүлөдө биримдик, сый-урмат, ынтымак болсо, элибиздин жана сүйүктүү Кыргызстаныбыздын келечеги кең болоору талашсыз. Биздин  улуу элибиздин келечеги кең, зоболосу бийик. Себеби, биздин асылзаада аялдарыбыз мекендин, коомдун жана ар бир эр азаматтын жан шериги, баарыбызга жанган шам чырак болуп, өмүрүбүздү узартып, көнүлүбүздү көтөрүп турат.
           Андыктан жалпы аял затын дагы бир жолу майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! 
            Ылайым турмушуңуздарда бактылуу күндөр арбын болсун! Түгөйүңөр, балдарыңар, жакындарыңар ар дайым кубаныч жана жакшылык тартууласын! 
           Сиздерге бекем ден-соолук, ийгилик, үй-бүлөлүк жана аялдык чыныгы бакыт каалайм. 
           Ар бир күн сиздерге бактылуулук жана кубаныч тартууласын!

 
  Майрамыңыздар менен!
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)