Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » 2021 - 2022 жаңы окуу жылынын ачылышына карата Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С. Назылбековдун куттуктоосу

2021 - 2022 жаңы окуу жылынын ачылышына карата Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С. Назылбековдун куттуктоосу

15 сентябрь 2021, Среда
967
0

Урматтуу мугалимдер!

Кымбаттуу биздин сүйүктүү окуучулар!


Сиздерди жаңы окуу жылыңыздардын башталышы менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын дилимден куттуктайм!

Бул күн ар бирибиздин майрамыбыз болуп саналат. Анткени, Билим күнү баарыбыз үчүн жакшы башталыштардын, ачылыштардын жана ийгиликтердин символу.

Билим күнү жөн гана майрам эмес, ал – ийгиликке жетишүү үчүн тынбай эмгектенүү, Өмүр бою өзүн-өзү өркүндөтүүнүн үстүндө иштөө зарылдыгын эске салуучу улуу күн болушу абзел.

Урматтуу мугалимдер, Сиздердин кесип – түйшүктүү, жоопкерчиликтүү, бирок ардактуу кесип. 

Балдарыбызга дүйнөнү кенен тааныгыдай билим берүү, таптаза ички дүйнөсүнө биринчи сабактан тарта Сүйүү, Ыйман, Адамгерчилик сыяктуу түшүнүктөрдү сиңирүү милдети сиздерге жүктөлгөн. Сиздердин аракетиңиздерге, изденүүңүздөргө жараша өлкөбүздө чыгаан, жаратман чыныгы жарандар өсүп чыгышы калетсиз.

Шаарыбызда балдар бакчаларынын тарбиячылары, жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери, жогорку, орто кесиптик окуу жайлардын жана лицейлердин профессордук-окутуучулар курамына мамлекеттик бюджетине ар бир бешинчи сому жумшалат жана бул процесс алдыңкы көрсөткүчтөрдүн бири десе болот. 

Биз Эл өкүлдөрү, аткаруу бийлиги менен шаарыбыздын бюджетине жараша, колдон келген жардамдарды берүүгө даярбыз.

 Бирок, бул да аздык кылат, баарыбыз мугалимдер алдында карызбыз деп эсептейм.

Баарыңыздарга чың ден соолук, узун өмүр жана бакубат жашоо тилейм! 

Балдарыбыздын келечеги кең болсун! 

Бактылуу балалык доорун сүрүү насип этсин!

Майрамыңыздар менен!




Ош шаардык 

Кеңешинин төрагасы                                                                        С.Назылбеков


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)