Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын 2019-жылдын коомдук бюджетик угуусунада Ош шаарынын жашоочулары тарабынан оозеки жана жазма түрүндөгү берилген суроо талаптарын аткаруу боюнча маалыматтар

Ош шаарынын 2019-жылдын коомдук бюджетик угуусунада Ош шаарынын жашоочулары тарабынан оозеки жана жазма түрүндөгү берилген суроо талаптарын аткаруу боюнча маалыматтар

06 март 2019, Среда
3 311
0


Аты жөнү

Кайрылуунун мазмуну

Кабыл алынган чечимдер боюнча жооптор

1Абдыкадыров Бектур
ХБК,Салиева 0774651000
1.Кош каржылоону көбүрөөк кылсаңыздар. 2018-жылда башталган фасад көп кабаттуу үйлөрдүн сыртын актап сырдоо боюнча иштер көп болот. Акча каражаты жетпей калып, убагында бөлүнбөй калып жатат.
2.Көп кабаттуу үйлөрдүн үй башчыларына (домкомдорго) айлык акы же коммуналдык чыгымдардан жеңилдиктер каралса. Бардык жумуштар үй башчыларына келип такалат.
1. 2019-жылга жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоого 15,0 млн. сом акча каражаты каралды. Көп кабаттуу үйлөрдүн тышкы фасадын актап-сырдоо иштерине кетүүчү жалпы чыгымдын 50% жергиликтүү бюджеттен каржыланса, ал эми 50% калктын салымы  болушу шарт.
2. Көп кабаттуу үйлөрдүн үй башчыларына (домкомдорго) коммуналдык чыгымдар үчүн жеңилдиктер жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу каралган эмес жана үй башчылары коомдук башталыштагы кызматкерлер болуп эсептелинип, аларга айлык акы каралбайт.
2Токоев Абидин
Ош.К-Датка 132/10.   0770585017
1. Ош шаарында качан пробкалар жоголот?
2. Ош шаарында качан подземный переход курулат?
1.Ош шаарынын аймагындагы көчөлөрдө автоунаалардын тыгынын азайтуу максатында Ош шаардык ИИБнын ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан бүгүнкү күндө толугу менен тынымсыз иш жүргүзүлүп жатат.
2.Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын автотыгындарды азайтуу максатында А.Навои-А.Масалиев көчөлөрүнүн кесилишине жана Курманжан-Датка – Г.Айтиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер астынан жөө адамдар өтүүчү өтмөктүн курулушун долбоорлоонун техникалык экономикалык негиздемеси (ТЭН) жасалып бүттү. 
Акча каражаттын тартыштыгына байланыштуу, аталган өтмөлөрдү куруу үчүн инвесторлорго же жеке ишкерлерге берүү сунушталган, учурда каралууда.
3Турсунова Умсунай
Ош.Масалиев-60-23   0552680538
Көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы бак-дарактар кургап баратат. Ирригациялык арык системасын орнотуу зарыл. Бул маселе көп жылдан бери айтылып келет.Шаардын негизги чоң көчөлөрүндө суу арыктар (лотоктор) бар, суу тынымсыз агып турат, бирок көп кабаттуу үйлөрдүн алдына киргизиш үчүн көйгөйлүү маселелер бар. Суу арыктар (лотоктор) өтүүчү жайларга магазиндер, комоктор, гараждар жана башка курулуштар түшүп кеткендигине байланыштуу суу алып өтүш үчүн булардын баары тоскоолдук жаратууда. Суу агып чыгып кетиш үчүн дагы ушундай маселелер жаралууда.
4Абитова Гулаим
Ош. Аэропорт шаарчасы.  0550000961
1. Аэропорт шаарчасында №4 общежитиянын ажатканасы абдан начар абалда.
2.Көчөлөрдү жарыктандыруу боюнча, бизге коюлган бирок, 18 домдун жол тарабы, 6-үйдүн, 5-үйдүн, 4-үйдүн, 3-үйдүн, 2-үйдүн, 1-үйдүн жол тарабы абдан карангы. Жашоочулардын өтүнүчү.
3. Аэропорт шаарчасына 7а маршрут каттайт. Эрте менен кечинде жашоочулар кыйналып жатат. Кечинде 7-8ге жетпей токтойт. Автобус кататтып койсоңуздар сураныч.
1. Аэропорт шаарчасындагы №4 үй-бүлөлүк жатакананын ажатканасын оңдоо боюнча жашоочулар менен биргеликте 2018-жылдын 19-июлунда чогулуш өткөрүлүп, дефекттик акты 168 750 сом өлчөмүндө түзүлүп берилген.
Бул каражаттын 70% жашоочулар тарабынан жыйналуусу шарт, ал эми жергиликтүү бюджеттин эсебинен 30% кошумча каржылоо катары бөлүнүп берилиши боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок  жашоочулар оңдоо иштерине  акча каражатын чогултушкан эмес.
2. Акча каражаттын тартыштыгына байланыштуу 2019-жылы аткарганга мүмкүнчүлүк жок. 2020-жылга сунушталарын билдиребиз.
3. Азыркы убакытта №107-кичи автобустук маршруттук каттамы белгиленген графиктин жана ар күнкү ырааттаманын негизинде Аэропорт шаарчасына каттап иштеп келүүдө. Шаардагы кичи автобустар кыш мезгилинде эрте менен саат 06.50дөн ишке чыгып, кеч саат 20.00гө чейин иштешет. Жай мезгилинде эрте менен саат 06.00дөн ишке чыгып, кеч саат 22.00гө чейин иштешет. Жүргүнчүлөр тарабынан шаардагы коомдук транспорттордун айдоочулары тарабынан жүйөөсүз себептер менен жүргүнчүлөрдү ташуунун эрежелери сакталбай, тартип бузуу фактылары катталса, Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине (03222) 2-87-51, (03222) 2-28-14 жана  Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш, өлчөм агенттигинин Ош аймактык башкармалыгына (03222) 8-88-84,  (03222) 8-88-85 телефондору,  аркылуу кайрылуу сунушталат жана тартип бузган айдоочуларга мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүлөт. Ал эми азыркы мезгилде Аэропорт кичи шаарчасына муниципалдык автобустук каттамын ачуу үчүн Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасынын автобустары жетишсиз жана учурда аталган ишкананын №12, №13 автобустук каттамында 31 автобус жана №1,№2 троллейбустук каттамында 31 троллейбус иштейт.  
5Солпуева Гулшайыр  
Ош шаары. Карасу көчөсү 6/105. 0771832338,  0558476974
1. Ош шаарындагы Сун-Ят-Сена, Коргон-Добо, Алай көчөсүндөгү столбалар алмаштырылбай жатат. 2017-2018-жылдан бери 10 столба берилген.
2. Ушул эле көчөлөрдө жарыктандыруу коюлбай жатат. Планга киргизген адамдар келип, коюлат деген боюнча жок. Ушуларды коюп беришеби? 
3. №4 “Манас-Ата” МАБ болуп калдык, биздин территориябызга шебень суралган түшүрүлбөй жатат, элдердин көйгөйү кандай чечилет 2017-2018 жылдардан бери.
1.Аталган көчөлөрдөгү жыгач мамычаларын жаңылоо 2019-жылдын энергообьектилерди реконструкциялоо жана куруу  Райондук электр тармактар ишканасынын (РЭС) иш планына     киргизилген. Бүгүнкү күндө керектелүүчү темир-бетон мамычалары жеткирилген жана I жарым жылдыкта ишке ашырылат. 
2.2019-жылы мүмкүнчүлүккө карап, үнөмдөлгөн акча каражаттын эсебинен аткарууга аракеттер көрүлүүдө.
3. Жолдор башкармалыгы тарабынан Ош шаарынын ички кварталдарга, жаңы конуштарга шагыл төшөө иштери жүргүзүлүп жатат. Бирок щебень төгүү иштерине акча каражат каралган эмес. Ошондуктан 2019-жылдын иш-планына ички кварталдын көчөлөрүнө щебень төгүү иштерди киргизүү пландаштырылууда. Ошого байланыштуу щебень төгүү иштери 2019-жылда аткарылат.
6Ош шаарынын тургунунан. Жапалак ААБЖапалак ААБна караштуу Мээркан айылынын жолун Ош шаардык жолдор башкармалыгы проектин бүтүргөн. Жолдун каражатын карап берүүңүздү суранабыз.Бул маселе Ош шарынын мэриясынын жолдор башкармалыгы тарабынан     2019-жылдын бюджетине сунушталып. Бирок,  КРнын бюджеттик кодексинин 29-беренесине ылайык  сунушталган долбоорлор Ош шаарынын мэриясы тарабынан каралат.
7Урайымов. У
Озгур айылынын тургуну.
Биздин Озгур айылындагы №33 мектепке барган окуучуларга тратуар жок. Ошол маселени караштырып койсоңуздар рахмат.Исанов көчөсүнүн тротуары Троллейбустун акыркы айланпасынан Озгур айылынын көпүрөсүнө чейинки участогу толугу менен бүтүп, жарандар пайдаланууда.
8Жоробаева К.
Родник дача аймагынын  жашоочусу.
Биз Родник дачасынан, биздин көйгөй жол маселеси биз бийик адырда жашайбыз. Ошол жерден дөңдөн жолго чейин кыйналып түшүп чыгабыз. Кечкиси караңгы жарык коюлган эмес.
1.      200 метр жерге тепкич керек керек.
2.      8 столбага жарык керек.
1. Родник Дача кварталындагы 200 метр аралыка тепкичтерди куруу айыл ичиндеги     аймактык башкармалыктын деңгээлинде чечилүүчү маселе болгондуктан ашар жолу менен курууну сунуштайбыз. 
2.Жарык коюу маселеси жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнөжараша каралат.
9Курмушуева Багдагүл. Родник дача аймагынын жашоочусу.Биздин суу менен камсыз кылган суу насостун эскилиги жеткендигине байланыштуу ремонтко муктаж. Ошол насосторго ремонтуна жардам берсеңиздер жана бизге балдар ойногонго балдар аянтчасы керек.Родник дача аймагынын генпланы толугу менен иштелип чыккандан кийин жана “Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгына толугу менен өткөндөн кийин гана суу насосторун ремонттоо жана башка маселесин кароого болот. Ошондуктан бул жылы аткарууга мүмкүнчүлүк жок.
10Жалиева Ж.
Ош шаары. Салиева көчөсү 20А/93.   0553093228
Камсыздандыру боюнча көп кабаттуу жатаканалардын жашочулары наразы болуп жатат. Жыл сайын 1224 сом. Оор болуп жатат. Ошол жагын карап берсеңиздер үч комната үйлөр деле 1224 сом төлөйт деген наразычылык көп. Ушуну карап берсеңиздер сураныч. Жатаканадагы жашочулар 600 сомго түшүрүп берүүңүздөрдү суранышты. Элдин атынан үй башчы катары.Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” №209 мыйзамы кабыл алынган. Бул мыйзам   2016-жылдын 11-февралынан баштап бүткүл Кыргызстандын аймагында күчүнө кирген. Ал эми төлөө маселеси ошол мыйзамдын бекитилген жобосунун талаптарына     ылайык иш алып барылууда.
11Ош шаарынын тургунуМенин суроом мектептерде ремонтко, фондко 500 сомдон акча беребиз. Балдар мектептен калып пол жуушат ушул турабы? Техничка акча алат.       Мектептердеги түзүлгөн камкорчулар кенеши (фонд)  тарабынан чогултулган акча каражаты түзүлгөн     комиссиянын көзөмөлүндө  зарыл болгон жумушка сарпталат.   
      Ал эми ремонтко деп  чогултулган     акча каражаттары да камкорчулар кеңеши тарабынан топтолуп, ата-энелерден түзүлгөн  комиссиянын көзөмөлүндө  зарыл болгон жумушка сарпталат. 
      Техничкалар боюнча айта кетсек коридор, эшик, терезе, пол, дубалдарын жана 5-класска чейин класстын ичин жууп  карашат. 5- класстан жогорку  класс окуучулары класстын полдорун өздөрү жууп тазалоого жардам беришет.
12Ташполотова Чынара, кварталдык комитеттин төрайымы.
№2 Сулайман-Тоо МАБ
0771641728
Атабаев көчөсүндө 154-154а 148-көп кабаттуу үйлөрүнүн жылуулугу жок. Өткөн жылы кат менен кайрылганбыз от казан жок деп. Акча каражаты жок деп жооп келген. Жалпы батир 181, жашоочу тургундар орто эсеп менен 905 жаран жашайт. Бизге ушул жылга бюджетке киргизип берүүңүздөрдү көптөн-көп суранабыз элдин атынан кварталдык комитеттин төрайымы.Жылуулук берүү үчүн алгач от казанды орнотуу үчүн жер тилкесин аныкташ керек. Жер тилкесин аныктоо максатында буга чейин бир нече ирет жеринде иликтөө иштери жүргүзүлүп,  ыңгайлуу жер тилкеси жок экендигин жана көп жерлер жеке менчикке өтүп кеткендиги аныкталып, комиссиянын сунушуна ылайык үй ээлери жеке менчик ээлери менен сүйлөшүү зарылдыгы айтылган, андан кийин кийинки этапта от казан менен камсыз кылуу маселеси жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу болот. 
13Мангиев Максатбек
Жапалак ААБ. Орке айылы
0554200262
1. №34 Ч.Тулебердиев мектебин куруу.
2. Орке айылындагы ФАПты куруу.
3. И.Тешебаев көчөсүнө көмөкчү чордон жана чубалгаларын тартуу.
4. Айыл чарбасына кандай жардам каралат.

№34 Ч.Тулебердиев атындагы орто мектебин донордун каржылоосу менен куруу маселеси облустук капиталдык курулуш башкармалыгы  тарабынан КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура,курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине документтери жиберилген.

2. Быйылкы жылы шаар боюнча төрт мектеп, бир ФАП курулуп жатат. Орке айылындагы ФАПты куруу каржы маселесине ылайык каралат.
3. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Орке айылынын И.Тешебаев көчөсүнүн жаңы конуштарынын тургундарын электрлештирүүүчүн көмөк чордон жана тийиштүү 6-0,4 Кв чыналуудагы аба чубалгылары менен куруу иш-чарасын 2019-жылы шаардык бюджеттен каржылоону кароо боюнча сунуш берилген.
4.  Жапалак СПА (суу пайдалануучулар ассосациясы) жазгы талаа жумуштарын жана 2018-жылдын түшү үчүн эгилүүчү эгиндерди сугат суу менен камсыз кылуу үчүн өзүнүн карамагындагы 54 чакырым аралыктагы чарбалар аралык арык каналдардын 38 чакырымы     чаап тазаланып, март айынын орто ченинде 28 чакырым пайнап арыктарга каналокапатель тартылды жана дыйкандар тарабынан 15 чакырым аралыктагы үлүш жерлердин баш арыктары кол менен чаап тазаланды.
Ошондой эле 24 суу бөлүштүрүүчү курулмалардан секундасына 25 литрден 200 литирге чейин суу келишимдин негизинде берилип, 2018-жылдын түшүмү үчүн эгилген эгиндер сугат суу менен толук камсыз болду. 
Үстүбүздөгү жылдын күздүк себүүсүн жүргүзүү үчүн элдин кол алдындагы 48 даана жеке менчик тракторлор, 36 даана жер айдоочу соко, 9 даана дан эгүүчү сеялкалар, култиватор 25 даана, прецподборщик 12 даана, чөп оруучу комбайн 5 даана жана 6 даана дан оруучу комбайндар катышып дыйкандарга жеңилдетилген келишимдик баада кызмат көрсөтүштү. 
АРИС программасынын алкагында мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү максатында МТЗ 89-2 маркасындагы жүктөөчү, МТЗ 82-1 трактору чөп таңгактоочусу менен жана 3 корпустуу кош 4 941,2 миң сом алынган.
2018-жылга жеңилдетилген насыяларды алуу боюнча дыйкан-фермерлерге түшүндүрүү иштери «Айыл-Банк» ачык акционердик коомунун кызматкерлери жана аймактык башкармалыктын тийиштүү адистери тарабынан жүргүзүлүп мал чарбасына 27 фермер 14 млн 350 миң сом, дыйканчылыкка 6 дыйкан 2 млн 634 миң сом жана чакан насыялардан 65 дыйкан-фермер 3 млн 160 миң сом жалпысынан 20 млн 144 миң сом алынган. 
Ошондой эле «Айыл-Банк» ачык акционердик коому тарабынан насыяга айыл чарба техникаларын сатып алуу жана күнөсканаларды курууга кызыккан дыйкан-фермерлерге атайын окуу семинарлар өткөрүлгөн.
     2018-жылдын түшүмү үчүн жалпысынан 350 тоннанын тегерегинде минералдык жер семирткич керектелип Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы материалдар резервтик фондуна минералдык жер семирткичке заявка берилип, анын 150 тоннасы арзан баада, тактап айтканда 1 кг. үчүн 15-16 сомдон алынган, ал эми калган 200 тоннанын дыйкандар өздөрүнүн ички резервдеринен колдонушту. Ошондой эле Ош облусунун үрөнчүлүк чарбаларынан үрөн-уруктар насыя катары алынып, түшүмдүн эсебинен төлөнүп бериле турган келишимдер түзүлгөн. Ошондой эле өкмөттүк эмес уюмдардын колдоосу менен зыянкечтерге каршы жана минералдык жер семирткичтер  боюнча дыйкандар арасында окуулар уюштурулган.
14Алдакулова.Т.
№4 “Манас-Ата” МАБ
№1 кв.ком. төрайымы.
№4 “Манас-Ата” МАБ ар тарапка акча бөлүүнү бир аз азайтып аймактарды асфальтатырып берсеңиздер жакшы болот эле жылда шагыл төгүлөт. Кийинки жылга шагыл жоголуп кетет. Эгер жолду оңдобосок, биз элге таштанды таштоо боюнча протокол түзүш бизге деле кыйын.№4 “Манас-Ата” МАБтын ички жолдорун асфальттоо боюнча жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу акча каражат каралган эмес. Бирок Ош шаардык мэриясынын жолдор башкармалыгы тарабынан инвесторлорго Ош шаарынын ички көчөлөрүн асфальттоо боюнча сунуш берилгендигин билдирет.
15Жунусова К. 
Ош шаары. Бекбалаев.к
0772486216
1.Көп кабаттуу үйлөрдүн арасына тазалык керек. Антпесе тазалык болбосо шаарыбыз таза болбойт.
2.Бекбалаев көчөсүндө №7,8,9,10,11,12,33,34,35,36,37,58 көп кабаттуу үйлөрдүн арасында жылуулук системасы жок. Ушуга көңүл буруп койсоңуздар элдердин суранычы.
1. Шаар аймагындагы  көп кабаттуу үйлөрдүн короолорундагы тазалыкты камсыз кылуу туруктуу көзөмөлгө алынды.
2.Бул маселе боюнча “Жылуулуккамсыздоо” ишканасы менен жалпы жашоочулар  тарабынан     аталган көп кабаттуу үйдүн айланасынан ыңгайлуу болгон жер тилкеси боюнча маалыматы менен бирге “Бирдиктүү терезе” аркылуу Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн  2008-жылдын 30-майындагы №252 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк обьекттерин долбоорлоого,  курууга     жана башка өзгөртүүгө уруксат документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн обьекттерди эксплуатацияга кабыл алуунун тартиби жөнүндө” Жобосунун талаптарына ылайык Ош регионалдык шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына тапшырылса, башкармалык     мыйзам чегинде белгиленген тартипте иш алып барарын билдиребиз.
16Ош шаарынын тургунуСаламаттык сактоо тармагына эч нерсе бөлүнбөптүр го. Төрөт үйүнүн капиталдык ремонту, ички жолдору боюнча кайрылганбыз. Жок дегенде ички жолдорун оңдоп-түзөп берсеңиздер! Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медайымдардын жана санитаркалардын коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдик үчүн компенсация түрүндө жергиликтүү бюджеттен 6480,0 миң сом (бир кызматкерге 300 сомдон бир айга), Ош шаарындагы педиатр врачтардын коммуналдык төлөмдөрүнө жеңилдиктерге 210,0 миң сом (бир кызматкерге 500 сомдон бир айга) акча каражаты каралды.
Кытай Эл Республикасы тарабынан каржыланган Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районуна 150 койкалуу жаңы типтеги баасы 25,8 млн.АКШ долларын (1,8 млрд.сом) түзгөн оорукананын айланасын тосууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 4,5 млн.сом акча каражаты бөлүнүп берилген.
“Жапалак” айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Арек айылында ФАПтын курулушуна жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп, курулуш иштери жүргүзүлүүдө
Шаардык төрөт стационарынын жылытуу, суу жеткирүү системалары Россиялык гранттын эсебинен бөлүнгөн 4 млн. 700 миң сом акча каражатына капиталдык оңдоп-түзөө өткөрүлдү.
Төрөт стационары  1991-жылы курулган,  29 жылдан бери бир да жолу капиталдык  ремонттон өткөн эмес, ушул жагдайды эске алып капиталдык ремонттон өткөрүү, андан тышкары  кабыл алуу бөлүмүнүн алдындагы жолго асфальт төшөө зарыл. Бул маселени чечүүдө шаардык оорукананын  бюджетинин жетишсиздигине байланыштуу, оорукананын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлигине каржы маселесин карап берүүүчүн сунуш берилген.
Ош шаардык  төрөт үйүнүн ички жолдорун асфальттоого учурда мүмкүнчүлүк жок. 
17Ош шаарынын тургуну 
Достук, Геологородок.
49-көчө. 
Гелогородок шаарчасынын №49 көчөсүн 10 жылдан бери оңдолот деп убада бересиздер. Качан оңолот жана жарыктандыруу берилеби?
Кайрыла берип жададык. Ош шаарында мындай көчө жок болуш керек.
Жашоочулар.
Достук кичи шаарчасынын №49 көчөнүн асфальттоо иштеринин жалпы узундугу 1,2км., болжолдуу сметалык баасы 15,5 млн. сомду түзөт. Бирок, жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу аталган иштерге акча каражат каралган эмес. Ошондуктан Ош шаардык мэриясынын жолдор башкармалыгы тарабынан эл аралык инвесторлорго Ош шаарынын №49 көчөсүн асфальттоо боюнча сунуш берилген.
Ал эми жарыктандыруу маселеси 2019-жылы мүмкүнчүлүккө карап, үнөмдөлгөн акча каражаттын эсебинен аткарууга аракет кылабыз. Эгерде акча каражаты жетишсиз болсо 2020-жылдын бюджеттин кароосуна сунушталат. 
18Ош шаарынын тургунуТазалык муниципалдык ишкананын иши начарлап кетти.
Шаардын тазалыгына көңүл буруп койсоңуздар.
Шаар ичиндеги жалпы тазалыкты камсыз кылуунун солгундап кетишине, техникаларыбыздын эскирип калгандыгы себепкер болуп, өз убагында ташып чыгара албай калганбыз, азыркы учурда кошумча авто унаалар ижарага алынып иштетилүүдө.
19Ош шаарынын тургуну Мы женсовет работаем на добровольных началах. Когда нам будет заработная плата или льгота какая-нибудь. И когда это будет? И будет ли?Аялдар кеңешине (женсовет) эмгек акы же коммуналдык чыгымдар үчүн жеңилдиктер жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу каралган эмес. Бул кызматкерлер коомдук башталыштагы кызматкерлер болуп эсептелинип, аларга айлык акы каралбайт.
20Мамажанов Кубанычбек 
Туран-1 МАБ.№10 кварталдык комитет
0773771528
1. Биздин кварталдагы мектеп 70%га бүткөн, быйылкы окуу жылына бүткөзүп бере аласыздарбы.
2. Жол, жарыктандыруу маселесин чечип бересиздерби, УГДга кайрылганбыз.
1. №1 “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Ирригатор участкасындагы 275 орундуу мектепке Республикалык бюджеттен акча каражаты толугу менен бөлүнүп берилсе,2019-жылы толук бүтүрүп, пайдаланууга берүү жагы каралууда.
2. №1 “Туран” МАБтын ички жолдорун асфальттоо боюнча жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу акча каражат каралган эмес. Бирок, жолдор башкармалыгы тарабынан инвесторлорго Ош шаарынын ички көчөлөрүн асфальттоо боюнча сунуш берилген.Ал эми жарыктандыруу маселеси боюнча 2020-жылдын бюджеттин кароосуна сунушталат.
21 Мухидинова М.
Т-с №5. микрорайон А.Темур 
141-маршрут мурунку каттамында каттабай калды. Западныйга барчуу. Азыр бир жылга жакын базардан эле кайтып келип жатат. Ушуну мурунку маршрутту менен эле жургузуп берсеңиздер. Элдин суранычы.Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын колдоосу менен     Ош шаарына жаңы 30 даана автобус жана 23 даана троллейбустар алынып келинген. Бул муниципалдык коомдук транспорттордун иштешине жакшы шарттарды түзүп берүү максатында Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жүргүнчүлүк автоунаалардын ишин уюштуруу жана көзөмөлдөө комиссиясынын 2018-жылдын 14-майындагы №13 протоколунун чечими менен №141 кичи автобустук маршруттун кыймыл схемасынын мурунку Ак-Тилек, Кулатов, Төлөйкөн кичи району жагы кыскартылып базардан кайтарылган. 
22Суранбаев Сатар
Раззаков 38-75
0778413789
Раззаков көчөсүнүн 38, Салиева көчөсүнүн 51,53,55-үйлөрдүн ортосунда бош турган жерге балдар ойной турган аянтча куруу маселесин карап бериңиздер.Мэрдин жолугушусунда протоколго киргизилген. Сиздер суранган Разаков көчөсүнүн 38, Салиева көчөсүнүн 51,53,55-үйлөрдүн ортосундагы бош турган жерди архитектура жана госрегистр тарабынан жеринин статусун аныктагандан кийин гана планга киргизүүнү сунуштайбыз. Ошондой эле учурда балдар аянтчасын куруу үчүн биринчи кезекте үйлөрдүн сырткы фасадын оңдоо талабы бар экендигин билдиребиз.
23Ош шаарынын тургуну №218-квартал1. №218-кварталга 2016-жылы жолдун ылдый жагына суу тартылган. Аны да үйлөргө бөлүп киргизип алышкан. Ал эми жолдун үстү жагына суу жеткен эмес. Ушул маселени да карап, бюджетке киргизип берсеңиздер.
2. Ошондой эле канализация маселесин да карап берсеңиздер. Эл да карап турбай жардам берет.
Ош шаарынын №5 “Керме-Тоо” аймактык кеңешинин №218 кварталына таза суу түтүгүн тартуу маселеси 2019-жылдын иш-планына сунушталган. 218-кварталды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2016-жылы узундугу 820м. түтүкчө тартууга Ош шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан долбоорлоо-сметалык иш кагаздары даярдалган, ал эми бүгүнкү күндө жашоочулар көбөйүп көчөлөр кошулгандыгына байланыштуу башкармалык кошумча долбоорлоо сметалык иш- кагаздарын даярдоодо. Ошондой эле канализация маселеси суу түтүктөрүн толугу менен тартып бүткөндөн кийин гана планга киргизүү маселеси сунушталат.
24Кадыров.А 
№4 Манас-Ата МАБ
0776363391
Салиева көчөсүндөгү №22 маршруттун аягындагы  Зеленхозго караган эс алуучу жайда бак дарактар бар. 2018 жылы жаңы тигилген көчөттөр сугарылбаганына байланыштуу кургап калды. Ушуну карап берсеңиздер.Былтыркы  жылы Салиева  көчөсүнө 80 түп ясень көчөтү отургузулган жана тутумдуулугу 85% түзгөн. Убагында суугарылып, жумушчулар тарабынан кам  көрүлүп турган. Ошого карабастан көчөттөр белгисиз адамдар тарабынан сындырылып кеткендигине байланыштуу, 12 даана ясень көчөтү куураган.
25Ош шаары 
А.Тимур МАБ.
37056
Ош-Тазалык тарабынан биздин аймакта 4 шыпыруучуларды алып салды. Шаарда тазалыкты сактоо боюнча иш чаралар өтүп жаткан убакытта биздин аймак иш-чарасыз калган. Биздин аймакта 60 миңге жакын жашоочу катталган. Бюджеттен акча бөлүнбөсө шаарыбыз кайсыл абалда калат? “Амир-Темур” аймактык кеңешинин аймагындагы шыпыруучуларды иштетүү ишкананын каржылык маселесине байланыштуу убактылуу токтотулду.
26Ош шаарынын тургундары
Карасуу №6 көп кабаттуу үй.
 0558476974
1. Биздин №6 домдун территориядагы фасады кылынган домдордо Карасуу №6 үйүнүн 50% акча бөлүнүп берилген эмес 2018-жылы. Ушуну 2019-жылдын  бюджетине кошуп берсеңиздер.
2.  Ошондой эле көп кабаттуу үйдүн жанында таштанды таштай турган жер жок болгондугуна байланыштуу 2019-жылга контейнер суралган. /йдүн  жанындагы Протез жасоочу мекемеден арыз түшүп жатат. Жашоочулардын атынан ушул маселелерди чечип берсеңиздер.
1.Карасуу көчөсүндөгү №6 көп кабаттуу үйдүн тышкы фасады мэрия тарабынан коюлган талаптарга жооп бербегендигине байланыштуу комиссиянын чечимине ылайык жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилген эмес. Эгерде аталган көп кабаттуу үйдүн тышкы фасады коюлган талаптарга ылайык келтирилсе, комиссия тарабынан акча каражатын бөлүп берүү маселеси каралат. 
2.ЕБРР тарабынан 1132 даана контейнер алынууда. Ошол контейнерлер келгенде, орнотулуп берилет.
27Алдакулова Г.
Касымбеков.к 3 А.
 0772331023
Ош районундагы өпкөнү тарткан рентген боюнча көптөн бери эч ким айта албай жүргөн көйгөй. Таза өпкөнү оорукчан деп элди кыжалат кылып жатат. Аппаратты эскилиги жеткен. Жаңы аппарат сатып алганга көмөк көрсөтүңөрдү суранабыз. Сиздерден жооп күтөм. Ош облустук кургак учукка каршы күрөшүү борборунун амбулатордук дарт аныктоо бөлүмү Ош шаарынын калкынын арасында кургак учук илдетинин активдүү түрүн табуу үчүн флюроаппаратына (өпкөнү тарткан) муктаж, себеби азыркы учурда иштеп жаткан аппарат эскилиги жеткен. Аппаратка муктаждык     боюнча жыл сайын КРнын Улуттук Фтизиатр Борборуна жана саламаттык сактоо министрлигине кат жолдонгон. “Таза өпкөнү оорукчан деп элди кыжаалат кылып жатат”- деген кайрылуу боюнча маалымат берсек,  калкты медициналык кароодон өткөрүү учурунда кээде өпкөнүн сүрөтү Ф(+) болуп күмөн чыгып калып, жарандын дарт атын тастыктоо үчүн рентген аппаратка түшүүгө жөнөтүлөт (рентген аппарат да эскилиги жеткен, бирок иштеп жатат), ошол себептен жарандардын арасында туура эмес түшүнүктөр болуп калышы мүмкүн экендигин билдиребиз.   
28Ош шаарынын тургундары Биздин көйгөйүбүз 124-маршруттук каттамды көбөйтүп берүү. Мэрияга кайрылдык, телевиденияга кайрылдык. Чечилбей жатат. Мектеп окуучулары сабакка жетишип келе албайт. Маршруттун интервалы 40 мүнөт.
Дем алыш күндөрү каттабай деле калат. Жалпы элдин суранычын карап бериңиз сураныч.
Ош шаарындагы коомдук транспорттордун ишмердүүлүгүн уюштуруу жана көзөмөлдөө Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги тарабынан жүргүзүлөт. Шаардык №124 кичи автобустук маршруттук каттамынын иши аталган агенттиктин кызматкерлери тарабынан дайым көзөмөлдөнүп турат жана азыркы убакытта интервал аралыгы 15-20 минутту түзүүдө.  Жүргүнчүлөр тарабынан №124 кичи автобустук маршруттук каттамынын айдоочулары тарабынан окуучуларды албаган жана башка жүйөөсүз себептер менен жүргүнчүлөрдү ташуунун эрежелери сакталбай, тартип бузуу фактылары катталса, Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине (03222) 2-87-51, (03222) 2-28-14 жана  Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш, өлчөм агенттигинин Ош аймактык башкармалыгына (03222) 8-88-84,  (03222) 8-88-85 телефондору,  аркылуу кайрылуу сунушталат жана тартип бузган айдоочуларга мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүлөт. “Ош шаарында автобустук маршруттарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо конкурстарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, Ош шаардык Кеңешине сунушталгандыгын жана аталган Жобо шаардык Кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин шаардагы баардык маршруттук каттамдары боюнча  конкурс өткөрүлө тургандыгын жана аталган конкурска алардын арасындагы шаардык №124кичи автобустук маршруттук каттамы дагы коюула тургандыгын эске салабыз. 
29Ош шаарынын тургуну 1. Шаардагы жаш жумушу жок үй-бүлөөлөргө жер тилкеси же үй берилүүсү боюнча жеңилдиктер барбы?
2. Юго-востоктогу дарыя тараптагы жээктерди частниктер алып элге платный кылып койгонун жойосоңуздарбы?
3. Шаардык кызмат көрсөткөн Соц. фонд, Банк, Госрегистр ж.б. кызмат көрсөтүүдө аябай начар иштейт. Бул боюнча кандай иштер жүрөт.
1. Ош шаарында жер тилкелерин бөлүп берүү жумуштары Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 27-мартындагы №162 токтому менен бекитилген «Ош шаарында жеке турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүнүн тартиби жөнүндө» Жобосуна ылайык жүргүзүлөт. Жалпы кезекте турган жарандардын ичинен жер тилкесин алууда аталган жобонун 1.11 жана 1.12-пунктарында биринчи жана экинчи кезектүүлүктөгү тартипте жер тилке менен камсыз болуучу категорияга кирген жарандар артыкчылык ала алышат. Биринчи кезектүүлүктө 2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгон адамдардын балдары, социалдык абалы өтө оор, жашоо шарты начар экендиги аныкталган жарандар, мүмкүнчүлүгү чектелген 1,2-топтогу майыптар, Чернобыль АЭС авариясына, Афган согушуна жана Баткен окуясына катышкандар, баатыр энелер жана жалгыз бой энелер, кайрылмандар. Экинчи кезектүүлүктө билим берүү, маданият, саламаттык сактоо, аскер, укук коргоо, өзгөчө кырдаал, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, журналисттер жана спортсмендер жер тилкесин ала алышат. Ал эми үй маселеси мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте бюджеттик мекемелерде иштеген жарандарга ипотекалык шартта берилип жатат.
2. Ош шаарынын мэриясы шаардык прокуратуранын 2017-жылдын 31-июлунда жазган кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын  «Жер кодексинин», «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө», «Суу жөнүндө», “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Мыйзамдарынын талаптарына ылайык, 2017-жылдын     16-августунда «Ош шаарынын аймагындагы жана Ак-буура дарыясынын жээгиндеги мыйзамсыз деп аныкталган курулуштарды тактоо боюнча комиссия түзүү жөнүндө» шаардагы тиешелүү ишканалардын өкүлдөрү менен биргеликте №374-б буйругу менен атайын комиссия түзүлгөн жогоруда комиссия тарабынан текшерүү учурунда “Ак-Буура” дарыясынын оң жана сол жээгиндеги суу коргоо аймагынан 6 картага бөлүп алып, ага ылайык жалпысынан 720 жер тилкеси жайгашкандыгы  аныкталып укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген жана териштирүү жумуштары жүргүзүлүүдө.
3. Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы жаңы технологиялык багытта элге ыңгайлуу шарт түзүп келүүдө.
Ош шаардык социалдык фонд башкармалыгында 2019-жылдан тартып структуралык өзгөрүүлөр жүрүп, камсыздандыруу төлөмдөрүн жыйноо функциясы салык кызматына өткөрүлүп берилгендигине байланыштуу 2 бөлүмү кыскарды. Ошондой эле 2019-жылдын 1-январынан тартып пенсия курагына жеткен жарандарга пенсияга чыгууну жеңилдетүү максатында иш-кагаздарын топтоо башкармалык тарабынан  жүргүзүлүүдө. Башкармалыктын жетекчилиги тарабынан кайрылган жарандарды тейлөөнү жакшыртуу боюнча кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. 
30Каримов Ильяс
Төлөйкөн, Ж.Мамытов.к №176.үй
1. Коомдук транспорт 124-маршруттук каттамдын интервалы 25-30 мүнөт болуп көптөгөн ыңгайсыздыктарды жаратууда. Жаш балдарыбызды албай, токтобой койгон фактылар да бар. Ушул маселени чечип берүүңүздү суранам.
2. Айылдын ичинде жолдун туурасы 6,50 метр болуп тратуар каралган эмес. Өтө кооптуу болуда. Өзгөчөжай айларында. Сураныч жок дегенде (лежачий полицейский) коюп берсеңер.
3. Таза суу маселеси өтө оор болууда. Анткени жаз, кыш, күз мезгилдеринде жаан-чачын болгондо ылай суулар агып аргасыз сууну тунутуп ичүүгө туура келүүдө.Жай айларында Төлөйкөн айылына эс алууга баргандар көптөгөн таштандыларды сууга таштап кетип жатышат. Негизги маселелердин бири катары карап бериңиздер.
4. Ош шаарынын аймагында болуп бирок газ каралган эмес. 
5.Канализация маселеси да чечилбей турат. Жалпылап айтканда Төлөйкөн айылы үчүн социалдык пакет жок да. Жогорудагы маселелери карап берсеңиздер.
1. Ош шаарындагы коомдук транспорттордун ишмердүүлүгүн уюштуруу жана көзөмөлдөө Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги тарабынан жүргүзүлөт. Шаардык №124 кичи автобустук маршруттук каттамынын иши аталган агенттиктин кызматкерлери тарабынан дайым көзөмөлдөнүп турат жана азыркы убакытта интервал аралыгы 15-20 минутту түзүүдө.  Жүргүнчүлөр тарабынан №124 кичи автобустук маршруттук каттамынын айдоочулары тарабынан окуучуларды албаган жана башка жүйөөсүз себептер менен жүргүнчүлөрдү ташуунун эрежелери сакталбай, тартип бузуу фактылары катталса, Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине (03222) 2-87-51, (03222) 2-28-14 жана  Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш, өлчөм агенттигинин Ош аймактык башкармалыгына (03222) 8-88-84,     (03222) 8-88-85 телефондору,     аркылуу кайрылуу сунушталат жана тартип бузган айдоочуларга мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүлөт. “Ош шаарында автобустук маршруттарды тейлөөүчүн автоташуучуну аныктоо конкурстарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, Ош шаардык Кеңешине сунушталгандыгын жана аталган Жобо шаардык Кеңеш тарабынан бекитилгенден кийин шаардагы баардык маршруттук каттамдары боюнча  конкурс өткөрүлө тургандыгын жана аталган конкурска алардын арасындагы шаардык №124кичи автобустук маршруттук каттамы дагы коюула тургандыгын эске салабыз. 
2. Төлөйкөн айылынын Ж.Мамытов көчөсү жалпы 9 км.,  кеңдиги 4-5м., түзөт. Аталган көчө Транспорт жана жол министрлигине караштуу болуп эсептелинет жана ДЭП-21 ишканасы тарабынан тейленет. Ошого байланыштуу жолдор башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министрлигинин Ош-Сары-Таш-Иркештам жол башкармалыгына Төлөйкөн айылынын Ж.Мамытов көчөсүн кеңейтүү жана тротуарларын куруу маселесин чечип берүү боюнча кат жолдонгон. 2019-жылга аталган иштер боюнча республикалык бюджетке сунуштала тургандыгын билдиришкен. Ал эми “лежачий полицейский” орнотуу боюнча ИИБнын ЖКККБнын уруксат кагаздары берилгенден кийин каралат.
3.Төлөйкөн айылын таза суу менен камсыздоо быйылкы жылы толугу менен бүтөт, акча каражаты толугу менен бөлүнүп берилди. Ал эми Төлөйкөн айылына эс алууга  келгендер тарабынан көптөгөн таштандыларды сууга таштап жаткандыгы боюнча КРнын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Ош шаары боюнча региондор аралык башкармалыгы жогорудагы Төлөйкөн айылы территориялык жайгашуусу боюнча Кара Суу районуна караштуу, ошол себептен Кара Суу райондук мамэкотехинспекциясына кайрылуу жөнөтүлгөн.
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жашоочуларын жаратылыш газын толугу менен камсыздандыруу үчүн “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын газдаштыруу боюнча инвестициялоо планынын долбооруна Ош шаарынын газдаштырылбаган аймактары толугу менен киргизилген. 2020-жылдан тартып долбоорлоо иштери жүргүзүлөт андан соң этап менен көчөлөргө газ түтүктөрүн монтаждоо иштери “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлө баштайт. Ар бир үйдүн ичине газ түтүктөрүн тартуу жумуштары жашоочулардын эсебинен жүргүзүлөт.
5. Канализация маселеси таза суу толук берилип бүткөндөн кийин экинчи этапта караларын маалымдайбыз.
Ош шаарындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Төлөйкөн айылынын тургундарына социалдык жактан колдоо Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык көрсөтүлүп келүүдө. 
Тактап айтканда, Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан Төлөйкөн айылынын 17 аз камсыз үй-бүлөсүнүн 65 баласына ай сайын берилүүчү жөлөк пул чектелген, бир айга керектелүүчү суммасы 52 650 сом. Ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 73 жаранга, анын ичинде 35 балага бир айга керектелүүчү жалпы суммасы 146 900 сом социалдык жөлөк пул чектелип, төлөнүп берилүүдө.
Ош шаардык социалдык фонд башкармалыгында жаш курагы боюнча 672, майыптуулгу боюнча 144 жана багуучусунан ажырагандыгы боюнча 73 пенсия алуучу катталган. Ай сайын берилүүчү пенсиянын орточо көлөмү 5510 сом.
Ошондой эле, Ош шаарынын муктаж тургундарын социалдык жактан колдоо максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен пенсионерлерге, аз камсыз болгон жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга кошумча социалдык кызматтар каралган:
- пенсиянын өлчөмү 6000 сомдон ашпаган  пенсионер жана майыптарга 2000 сомдон акысыз тиш протездөө кызматы; 
- пенсиянын өлчөмү 6000 сомдон ашпаган 1,2,3- топтогу ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандарга жылына бир жолу дарыгердин рецептинин негизинде 700 сом өлчөмүндө дары- дармек алуу;
- жеке арызынын негизинде муктаждыгы социалдык кызматтар тарабынан аныкталган учурда материалдык жардам көрсөтүү.
31Карабаева Айнура 
№3 Керме-Тоо МАБ. 218-квартал.
Таза суу боюнча жана №2-8-көчөлөрдүн кесилишин ачып берүүнү  суранабыз. Жообун угушубуз керек. Бюджетке киргизип бериңиздер.№218 кварталдын көчөсүн ачуу боюнча Ош регионалдык архитектурасы тарабынан ИТШсы даярдалып берилген. Ошондуктан 2019-жылдын  иш-планына сунушталган. Эгерде аталган иштерге акча каражат каралса, жолдор башкармалыгы 
тарабынан тиешелүү иш-чаралар аткарылат.
Ош шаарынын №5 «Керме- Тоо» аймактык кеӊешинин №218 кварталына таза суу түтүгүн тартуу маселеси 2019-жылдын иш-планына сунушталды. 218-кварталды таза суу менен камсыз кылуу үчүн 2016-жылы узундугу 820м., түтүкчө тартууга башкармалык тарабынан долбоорлоо-сметалык иш кагаздары даярдалган, ал эми бүгүнкү күндө жашоочулар көбөйүп көчөлөр кошулганына байланыштуу башкармалык кошумча долбоорлоо сметалык иш кагаздарын даярдоодо. Ошондой эле канализация маселеси суу түтүктөрүн толугу менен тартып бүткөндөн кийин гана планга киргизүү маселеси каралат.
32Кыдырбаева Турдукан 
№3 Керме-Тоо МАБ №11 кварталдык комитеттин башчысы. 0776584848
№3 Керме-Тоо МАБ аймагында  жайгашкан №4 поликлиника (Черемушкада) жатакананын 1-кабатында жайгашкан. 25 кишиге жакын жарандарды тейлейт. Кабинеттери кичине, карангы ж.б. Талапка туура келбейт. Жатакана 1950-жылдары курулган. Элдердин суроолору боюнча башка замамбап поликлиника курууга жардам болобу? Бул ишкананын жамааты көп жылдан бери мэрияга кайрылып келе жатат. 1969-жылдан бери иштеп келе жаткан №1 ҮДБнун №4 филиалы Ош шаарынын «Сулайман-Тоо» (Черемушка) кичи шаарчасынын Чкалов көчөсүнүн 23-чү үй-бүлөлүк жатаканасынын 1-кабатында жайгашкан. Бул имарат 1957-жылы курулган. Мэрия тарабынан 2016-жылдан баштап жеке ишкер М.Сарбалаевдин менчигинен ММБнын (УМС) балансына өткөрүлгөн. 50 жылдан бери имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес.
       Эмкана 25000 калкты тейлейт, андан тышкары 4 мектеп (П.Нышанов, Сема, И.Раззаков, Терешкова), 5 бала бакча жана Ж.Баласагын атындагы КМУУ, 2 кесиптик лицейге медициналык кызмат көрсөтүп келет.
       Имараттын коридорлору кууш, кааналар жетишсиз, мекеменин  сырткы дубалдары оюлуп, кыштары чирип калган (2018-жылы /ДБ тарабынан каржыланып, 2 каана оңдоп-түзөөдөн өткөн, бирок мекеменин сыртындагы кыштар чирип, дубал жукарып калгандыгына байланыштуу жаны сырдалган ички дубалдар көгөрүп кеткен) терезелердин эскилиги жеткен, жалпысынан капиталдык  оңдоп-түзөөгө муктаж, айланасы тосулган эмес, брусчатка басылган эмес, кааналар жетишпейт, КР ССМнин буйруктарынын негизинде санитардык гигиеналык нормативдерге жооп бербейт. 
2017-жылы февраль-март айларында эмкананын жетекчилиги бош жерге кошумча имарат куруп берүүнү суранып Ош шаарынын мэриясына, шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгына кайрылган учурда Ош шаарынын муниципиалдык башкармалыгынан уруксат алууну сурашкан. 2016-2018-жылдары Ош шаардык Кеңешине да кайрылышкан.
Ош шаардык мэриясынын муниципиалдык менчик башкармалыгы 2018-жылдын 24-январь айында чыгуу № 41/07-6 билдирүүсүндө Ош шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун №4 филиалы пайдаланып жаткан имаратынын жанында жайгашкан жерге кошумча курулуш курганга каршы эместигин билдирген. 
Ош шаарынын мэриясы 2017-жылдын 22-декабрь айында  чыгуу №1161/08-4 билдирүүсүндө Ош шаарынын муниципиалдык балансында ыңгайлуу бош имарат жок болгондуктан, маселени азыркы учурда чечүүгө мүмкүнчүлүк жок экендигин, кийинки жылдан бул маселени чечүү жолдорун караштырууну билдирген.
№3 “Керме-Тоо” МАБ аймагында жайгашкан №4 поликлиниканы жаңылоо маселеси бул жылы өткөөл обьектилерди бүтүрүү тапшырмасы тургандыктан аткарууга мүмкүнчүлүк жок. 
33Ош шаарынын тургуну1. Жапалак ААБ Орке айылында качан таза суу маселеси чечилет?
2. Арыктардан адамдар дагы мал жаныбарлар дагы ичет. Бул суулар регулировка менен пайдаланбайт. /йлөргө чейин, чоң жолго суулар каптап кирип бузуп жатат.
3. Орке айылында интернетке байланыш жок.
4. Тазалык ишканасынан машина барбайт. Суу каналы таштандыга толуп кетти.
5.Оркеде качан жаратылыш газы болот, газ түтүктөрү келеби?
1.Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасы тарабынан таза суу график аркылуу күнүгө саат 14:00дөн 18:00гө чейин берилүүдө.  Калган айылдарына таза сууну Ак-Мөңгү СООППВсы бөлүштүрөт. Жапалак ААБ Орке айылына таза суу маселеси Мамыров көчөсүндөгү 6000 м3 кампа бүткөндөн кийин чечилүүсүн маалымдайбыз
2. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгы тарабынан жана жакын аймакта жайгашкан элдердин күч аракеттери менен арыктарды тазалоо жана башка иш-аракетерди  жүргүзүү зарыл деп эсептейбиз.
3.Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы Орке айылында интернет байланышы начар иштегендиги боюнча аталган айылдык аймактык башкармалыгы мобильдик  операторлорго кайрылуусу керек экендигин эске салабыз.  
4. Орке айылына “Сигнал” системасы менен автоунаа киргизе албагандыгыбыз, абоненттер төлөм төлөбөгөндүгүнө байланыштуу болууда
5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жашоочуларын жаратылыш газын толугу менен камсыздандыруу үчүн “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын газдаштыруу боюнча инвестициялоо планынын долбооруна Ош шаарынын газдаштырылбаган аймактары толугу менен киргизилген. 2020-жылдан тартып долбоорлоо иштери жүргүзүлөт андан соң этап менен көчөлөргө газ түтүктөрүн монтаждоо иштери “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы тарабынан жүргүзүлө баштайт. Ар бир үйдүн ичине газ түтүктөрүн тартуу жумуштары жашоочулардын эсебинен жүргүзүлөт.
34Алимкулов Ибрахим 
Туран кичи району,     Ю.Төлөнов.к №102
0776134365
Ош шаарында жол эрежесин бузган айдоочулардан түшкөн айып пулга, шаар бюджетин толтурса болот.2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү (бюджеттик мекемелердин атайын каражаттарын кошкондо) 2018-жылдын бекитилген бюджетине салыштырмалуу 19,9%  өсүп, же болбосо 187 448,0 көбөйүп,  1 127 634,0 миң сомго аныкталды, анын ичинен:
- салык кирешелери 982 091,0 миң сомду (87,1% жалпы бюджеттин көлөмүндө) түздү;
- салык эмес кирешелери 65 300,0 миң сом (5,8% жалпы бюджеттин көлөмүндө) түздү;
- бюджеттик мекемелердин атайын каражаттары 80 243,0 миң сом (7,1% жалпы бюджеттен) түздү.
«Кыргыз Республикасынын 2019-жылга Республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамынын негизинде жергиликтүү бюджетке салыктардын нормативдик чегерүүсү төмөндөгүдөй бекитилди:
- киреше салыгы- 70%;
- сатуудан алынуучу салыгы- 50%;
- жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салык- 50%;
- мүлк салыгы- 100%;
- жер салыктары- 100%;
- чакан ишкердиктин субьектилери үчүн бирдиктүү салык- 100%;
-ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык, милдеттүү патентөө негизиндеги салык- 100% өлчөмүндө жергиликтүү бюджеттин кароосунда калууда.
Ал эми жол эрежесин бузган айдоочулардан түшкөн айып пул толугу менен республикалык бюджетке чегерилет.
35Ош шаарынын тургундары 
Орке айылы. Т.Иметали көчөсү.
Орке айылында суу маселеси аябай оор болуп жатат. Ушул маселени чечүүгө жардам бериңиздер.Жапалак ААБ Орке айылына таза суу маселеси Мамыров көчөсүндөгү 6000 м3 кампа бүткөндөн кийин чечилүүсүн маалымдайбыз. Азыркы учурда Жапалак айылдык аймактык кеңешинин Орке айылына таза суу график аркылуу күнүгө саат 7:00дөн  15:0 гө чейин берилүүдө.
36Ош шаарынын тургуну 1.Балдарды мектепке ташууну жакшыртуу керек.
2.Мусор ташуучу машина аз. Жетишпейт, көбөйтүү керек.
1.Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 11-октябрындагы №128-токтому менен шаардагы коомдук транспорттордун баардык түрлөрүндө окуучулар үчүн жол акысы 1 сом болуп бекитилген. Ош шаарындагы коомдук транспорттордун ишмердүүлүгүн уюштуруу жана көзөмөлдөө Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги тарабынан жүргүзүлөт. Жүргүнчүлөр тарабынан шаардагы коомдук транспорттордун  айдоочулары тарабынан окуучуларды албаган жана башка жүйөөсүз себептер менен жүргүнчүлөрдү ташуунун эрежелери сакталбай, тартип бузуу фактылары катталса, Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине (03222) 2-87-51, (03222) 2-28-14 жана  Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш, өлчөм агенттигинин Ош аймактык башкармалыгына (03222) 8-88-84,  (03222) 8-88-85 телефондору,  аркылуу кайрылуу сунушталат жана тартипти бузуп окуучуларды албаган айдоочуларга мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүлөт.
2. Таштанды ташып чыгаруучу автоунааларды, ЕБРР программасы жана Ош шаарынын мэриясынын каржылоосу менен көбөйтүү жагы  каралууда.
37Ажиев.С
Ош шаары, Жапалак айылы
0777144626
1. Элдин сунуштары Жапалак айылы, Мамыров көчөсү, Ош-Ноокат-Баткен жолунда жол белгилери коюлган эмес. Кырсыктар катталуда. Жол белгилерине жана аялдамаларга көңүл бурсаңыздар.
2. №130 маршрут боюнча айтып кетейин. Биз чоң жолго 1-1,5 км. алыстыкта окууга жана башка жактарга ата-энелер жөө басып чыдап келишкен. Мына 130 маршрут толук каттап калды деп 5500 эл ал жерде сүйүнүп калышты. Ошого сиздерге чоң ыразычылыгыбызды айтып кетейин.             
1. Ош-Ноокат-Баткен жолундагы жол белгилери жана аялдама боюнча кемчиликтер «Ош шаарынын 2018-жыл үчүн жол, көчө жана темир жол өтмөктөрүн күз мезгилинде изилдөөнүн жыйынтыгы» боюнча ДЭП-21 ишканасына көрсөтмөлөр берилгендигин маалымдайбыз.
38Кварталдык комитеттердин төрагаларыБиздин Ош шаарынын Аймактык кеңештеринин кварталдык комитеттеринин айлык маянасын жогорулатып берсеңиздер. Анткени, шаардагы көпчүлүк иштер биз менен өтөт. Сураныч!Жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу кварталдык комитеттердин айлык маянасын көтөрүүгө мүмкүнчүлүк жок.
39Кубатов К.С
Туран. Айбек.к
0559029290 
1. Асфальтировать ул Ишматова 1 км. По ул. Муса Джалила 600 метр.
2.Канализация мкр.Туран первоочередная проблема. Пересмотреть лотки. Там последнее время архитектура не смотрит и подряд выделяет землю. На улицах образуется лужа, после ливневого дождя.
1. №1 “Туран” МАБтын Ишматов жана М.Жалил көчөсүн асфальттоо боюнча жергиликтүү бюджеттен акча каражат каралган эмес. Эгерде аталган иштерге 2019-жылда акча каражат каралса, жолдор башкармалыгы тарабынан  тиешелүү иш-чаралар аткарылат. ОСК-дагы реконструкциянын II  фазасы бүткөндөн кийин кароого болот. Азырынча ОСК толук иштебейт
2. Баарыбыз билгендей 2016-жылдын 29-мартында КР Өкмөтүнүн токтому менен Ош шаарынын башкы планы бекитилген. Башкы пландын негизинде борбордук бөлүгүн деталдык пландоо долбоору иштелип жатат. Ошол долбоордо Туран кичи шаарчасына да канализация, жол ж.б. маселелер кеңири каралган. Ал эми жер бөлүп берүү маселеси көп жылдан бери жүргүзүлө элек эгер конкреттүү фактылар катталса атайын арыз менен кайрылса Ош регионалдык шааркурулуш жана архитектура боюнча башкармалыгы тарабынан тактап берүүгө жана чара көрүүгө даяр экендигибизди маалымдайбыз.
40Ош шаарынын медицина тармагынын кызматкерлериСаламаттыкты сактоо тармагына тиешелүү обьекттер аябай эски (имараттар.) Жылына бирден имаратты жаңыласак, бир топ алдыга жылат элек.Кытай Эл Республикасынын гранттык каражатынын эсебинен Ош шаарынын “Ак-Тилек” кичи районуна 150 койкалуу жаңы типтеги баасы 25,8 млн.АКШ долларын (1,8 млрд.сом) түзгөн оорукананын курулушу жүргүзүлүп, учурда жергиликтүү бюджеттин эсебинен ооруканынын айланасын тосууга 4,5 млн.сом акча каражаты бөлүнүп берилип, курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Жакынкы арада бул оорукана пайдаланууга берилет.
Ошондой эле жергиликтүү бюджеттин эсебинен фельдшердик-акушердик пукнттар курулуп жатат.
41Кыдырбаева Турдукан 
№3 Керме-Тоо МАБ. №11 кварталдык комитеттин башчысы.
 0776584848
Чкалов көчөсүндөгү №23,25,27 жатаканаларында суу, ажаткана эшикте. Ажаткана эскилиги жеткенге байланышту жаңы салууга спонсор да тапканбыз. Жер болсо замамбап ажаткана куруп берели деп. Архитектурага, муниц. ишканага кайрылдык, жер таап берген жок. Жер тапканга, финансы жагынан жардам болобу? 4-5 жылдан берки көйгөй.Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан Чкалов көчөсүндөгү №23, 25, 27 көп кабаттуу үйлөрдүн ажатканасы боюнча жеринде иликтөө иштери жүргүзүлүп, төмөндөгүдөй сунуш киргизилди, Чкалов көчөсүндөгү №25 көп кабаттуу үйдүн жанында башкармалык менен келишим түзгөн Эргешова Жумагүл Адамбаевна пайдаланып келе жаткан 24,0 чарчы метр соода түйүнүнүн башка жака жылдырып, ордуна заманбап ажаткана куруу сунушу.Ал эми ал аймакта башка бир ыңгайлуу делген бош жаткан жер тилкеси жок.
42Ош шаарынын “Манас-Ата”кичи районунун тургунуСалиева көчөсүнүн №62-64 көп кабаттуу үйлөрдүн айланасынын тазалыгын көзөмөлдөп берсеңер. Ресторан, кафе, базарчик центральный көчөгө чыгуучу жолдор начар. Бомж, алкаштар дарактардын алдында жашашат. №49 “Таң шоола” бала бакчага балдарыбыз барат ошол жолдор менен. Ал жердеги мейманканага көңүл буруп койсоңуздар. Ушуларга көңүл буруп койсоңуздар. Сураныч.Салиева көчөсүнүн №62, 64 көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы тазалыкты камсыз кылуу туруктуу көзөмөлгө алынды.  Ал эми жогорудагы үйлөрдүн алдын асфальттоо боюнча жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу акча каражат каралган эмес. Бирок жолдор башкармалыгы тарабынан инвесторлорго Ош шаарынын ички көчөлөрүн асфальттоо боюнча сунуш берилген.
43Набиев А.А
№5 МАБ. Калинин 110.к
0556635319
2016-жылы УГДга кат жазган элек. Калинин массивиндеги  110-көчөгө 1500 метр, 112-көчөгө 1300 метр, 111-көчөгө 700 метр жол асфальт болот деп. 2017- жылдын бюджетинен акча каралган экен. Ошол боюнча жол башкармалыгы тарабынан аткарылбаган. Балдар мектепке ылай жолдор менен барышат. Ушул маселени 2019-жылкы бюджетке кошуп бересиздерби.Калинин массивиндеги №110, 111, 112 көчөлөрүн асфальттоого жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу акча каражат каралган эмес. 
Ош шаарынын мэриясынын жолдор башкармалыгы тарабынан шаардын ички көчөлөрүн реконструкциялоо үчүн долбоор даярдалып, каржылоо маселесин аныктоо боюнча иш жүргүзүлүүдө.
44Ош шаарынын тургуну Жен.советтерге айлык каралабы? Же льготалар барбы?Аялдар кеңешине (женсовет) эмгек акы же коммуналдык чыгымдар үчүн жеңилдиктер жергиликтүү бюджеттин тартыштыгына байланыштуу каралган эмес. Бул кызматкерлер коомдук башталыштагы кызматкерлер болуп эсептелинип, аларга айлык акы каралбайт.
45Суеркулова Х.С.-Ош шаардык аялдар кеңешинин төрайымы. -Киреше көбөйгөнү жакшы, бирок киреше табу нукка салынган эмес десем болот. Мына биздеги 100% добровольный патенттердин акчасы бизге түшүп жатканы менен дагы эле теневая экономикабыз көп. Себеби дегенде элдерде дагы эле түшүнүк жакшы эмес. Дагы деле коррупция бар. Патент төлөөдөн качуулар бар. Андан сырткары жергиликтүү төлөө ыңгайлашкан эмес шаардыктар үчүн. 50 сомдон таштандыга болгон төлөмдү жылда төлөйт. Бул түздөн түз шаардын бюджетине түшө турган каражат. Ошол 50 сом акчаны төлөш үчүн биз РСК банктын кассасына турабыз. Кассага төлөгөндө 20 сом кассовый обслуживанияга кетип жатат. Эгерде мэрия ушул мезанизмди жеңилдеткен болсо, биринчи шаардыктардан ушул каражат үнөмдөлмөк. Экинчиден убакыттан качып ошол 50 сомду төлөгөндөн да качып жатат да. Ушул мезханизмди да эске алсаңыздар. Сиздер айтып жатасыздар бюджет кабыл алынгандан кийин бюджетти сайтка чыгарабыз деп. Сайтка кабыл алынганга чейин чыгарып жүрсөңүздөр. Азыр капиталдык курулуш деп койдуңуздар. Мен үчүн капиталдык курулуш караңгы. Бюджетте бардык тармактар камтылыптыр, бирок аялдар деген катмарды укпай койдум. Шаардын 60% аялдар түзөт экен. Аялдар өткөрө турган иш чараларга да акча каражатын кароону да эске алып койсоңуздар. Гендердик теңчилик боюнча мыйзам такыр эске алынбай калганда. Мына Волейбол клубунда атайын аялдар үчүн шарт түзүлөт деген нерсени бар болусуна өтүнүп кетем.Эгерде салыкты жашыргандар, коррупциялык терс көрүнүштөр боюнча фактылар болсо, тийиштүү органдарга кайрылса болот. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча Ош шаарынын мэриясы тарабынан шаардык салык кызматына тапшырма коюлган.
Жергиликтүү бюджеттин долбоорун сайтка жайгаштыруу боюнча сунуш эске алынат.
Капиталдык курулушка 2019-жылы 123 300,0  миң сом каралууда, бул каражат 2018-жылга салыштырмалуу 104 300,0 миң сомго көп.
Бюджеттин чыгаша бөлүгү 2019-жылга атайын каражаттарды кошкондо 1 127 634,0 миң сом өлчөмүндө белгиленип, 2018-жылга салыштырмалуу  187 448,0 миң сомго көп каралууда. 
Тармактар боюнча алганда     социалдык  тармак - 41,4%, турак жай жана коммуналдык чарба - 33,0%, экономикалык маселелер - 9,9%, жалпы багыттагы мамлекеттик кызматтар - 15,0%, коргонуу  тармагы - 0,7% түзүүдө.
Ош шаарынын мэриясынын негизги ишмердиктеринин бири катары Кыргыз Республикасында гендерлик тенчиликке жетишүү боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашыруу максатында тиешелүү мамлекеттик органдар, муниципалдык башкармалар жана коомдук уюмдар менен биргеликте бир канча иштерди аткарууга жетишип келди.
Гендерлик теңчиликке жетишүү боюнча иш-аракеттердин улуттук планынын     негизинде Ош шаарынын мэриясынын негизги иш-чараларынын пландары бекитилип чыгылып, тиешелүү башкармалыктарга, мамлекеттик жана муниципалдык  ишканаларга,  аймактык кенештерге жеткирилип анын аткарылышы көзөмөлгө алынган. Гендердик саясатты илгерилетүү, айрыкча  үй-бүлө     институтун бекемдөө, үй-бүлөлүк баалуулукту калыбына келтирүүүчүн     катталбаган жана эрте никеге туруунун санын кыскартуу, үй-бүлөлүк зомбулуктун калдын алуу жана андан жапа чеккендерге туура  багыт берүү максатында шаардык кенештин депутаттары, аялдар кенештеринин,  аксакалдар сотунун, аймактык кенештеринин. социалдык коргоо, билим берүү, саламаттыкты сактоо, укук коргоо тармактарынын   жооптуу кызматкерлери жана жарандык коом менен биргеликте        бир кыйла иш-чаралар     уюштурулду.
           КРнын Өкмөтүнүн “Жаны доорго кырк кадам” Программасынын “Бекем үй-бүлө – социалдык тендик” багытына ылайык, КРнын “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо” мыйзамын натыйжалуу жүзөгө ашыруу максатында, эрте курактагы никенин терс кесепеттери, никени расмий каттоонун маанилүүлүгү, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу, аны жоюу боюнча калк арасында кенири  маалыматты жайылтуу маселеси Ош шаарынын мэриясынын приоритеттеринин бири болуп саналат.
46Жусупов. Ош шаарынын тургуну.1.Дом Бытада да көйгөйлүү маселелер бар да. Көп кабаттуу үйлөрдүн арасында эгилген бак дарактар жылдан жылга сугат суунун жоктугуна байланыштуу куурап кетип жатат. Бак дарактарды суугару үчүн сугат тармактарын куруу зарыл болуп жатат да. Суу түтүкчөлөрдөн сугарса шаардык Водоканал айып салып жатат. 
2.Өзгөн көчөсүндө көп кабаттуу үйлөр менен жер үйлөрдүн ортосунда жер аянтча бар да. Бизде Аймактык кеңеш боюнча эс алуу үчүн аллея куруу үчүн шартыбыз бар. Быйыл муниципалдык мекеме өзүнө алды, кызыл китеп алды. Ошол жерге биздин жашоочуларыбызга аллея куруп берсеңиздер деген сураныч бар. Быйыл Түрксойдун алкагында Ош шаарында иш-чаралар өтөт деп жатабыз. Бирок шаарда коомдук ажатканалар жок да. Ошону да карап койсоңуздар. Көп кабатту үйлөрдүн арасындагы лотоктор жоктугуна байланыштуу жааган суулар жер төлөөгө кирип кетип жатат. Лоток, тратуарлар жок. Кытай гранттынын эсебинен бул нерселер курулат деп 2-3 жылдан бери айтылып жатат. Ушул нерсе ишке ашса жакшы болот эле. Биздин көп кабаттуу үйлөрүбүздүн арасында 7300 квадрат метр жерибиз бар. Бирок туура эмес жолдор менен менчикке өтүп кетип, ушул маселе чечилбей жатат. Эгерде ошол жерлер элге өткөрүлүп берилсе, ошол жерге спорт аянтчаларын курулса жакшы болмок.       Ошол маселелерге жардам берип койсоңуздар.
1. Ош шаарында сууну жана канализацияны пайдалануу эрежелеринин 9.2.1. пунктуна ылайык бак-дарактарды сугаруу,короолорду,автоунааларды,килем буюмдарын ж.б.у.с. ичүүчү суу менен жууганга тыйуу салынат. Өзгөчө учурларда гана «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасы түнкү мезгилде гана (саат 24:00 баштап 05:00 чейин) тигилип көгөрүп турган бак-дарактарды сугарууга уруксат берет.
2.Кайрылууда көрсөтүлгөн маселе жеринде иликтенип, иликтөө учурунда балдар ойноочу аянтча куруу үчүн атайын ыңгайлуу, талапка жооп берген жер участогу жок экендиги аныкталган. Бул жагдай боюнча арыз ээлерине жеринде түшүндүрүү жумуштары жүргүзүлдү. Маалымат катары айта кетсек, эгерде жер участкасы такталып, аныкталса маселеңиздер белгиленген тартипте каралат, башкача айтканда балдар ойноочу жана ден-соолукту чындоо үчүн     ж.б. аянтчаларын куруу  Ош шаарынын мэринин талабына ылайык, шаардын аймагында жайгашкан бардык көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы фасадын жана подьездерин оңдоп түзөөдөн толук өткөргөндөн кийин жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша аныкталат. 
Ал эми лотоктор боюнча шаардын негизги чоң көчөлөрүндө суу арыктар (лотоктор) бар, суу тынымсыз агып турат, бирок көп кабаттуу үйлөрдүн алдына киргизиш үчүн көйгөйлүү маселелер бар. Суу арыктар (лотоктор) өтүүчү жайларга магазиндер, комоктор, гараждар жана башка курулуштар түшүп кеткендигине байланыштуу суу алып өтүш үчүн булардын баары тоскоолдук жаратууда. Суу агып чыгып кетиш үчүн дагы ушундай маселелер жаралууда.
47Балтабаев А.О.-Билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Ош шаардык комитетинин төрагасы.  1.Мугалимдердин билим берүү мыйзамында, ошондой эле мугалимдердин статусу жөнүндөгү мыйзамда бир топ мугалимдерге жеңилдиктер каралган. Бул жерде коммунальный услугалар кетип жатат. Медосмотр, ипотекалык үйлөрдү куруу боюнча. Бул боюнча дагы эске аласыздар деген ойдомун.  
2.Дагы бир маселе шаарыбызда азыр 70 миңден ашуун окуучу окуйт. Бирок балдардын эс ала турган жайы жок. Өзүбүздүн Жаштык эс алуу лагери 2010-жылдан бери иштебей турат. Менин билишмче УКСтын титульный листине 25,0 млн каралыптыр. Сиздерден сураныч ушул маселени 2019-жылдын бюджетине киргизип, жакшынакай балдардын эс алуу лагерин куруп берүүңүздөрдү суранам.
1. Билим берүү кызматкерлеринин профсоюздар кошунунун Ош шаардык комитетинин төрагасынын берген суроосу боюнча, 2018-жыл ичинде жалпы мектептерден 2813 кызматкер жана мектепке чейинки билим берүү уюмунан 394 кызматкердин медициналык кароосуна акча каражаты берилип №1 поликлиникадан кароодон өтүшкөндүгүн билдиребиз.
    Ипотекалык үйлөрдү куруу маселеси мамлекеттик ипотекалык компания менен биргеликте бюджеттик мекемелерде иштеген жарандарга ипотекалык шартта берилип жатат.Ипотекалык шартта турак-жайлардан батир алууга Ош шаарында туруктуу каттоодо турган, төлөөгө жөндөмдүү кепилдиктери бар төмөндөгү жарандар укуктуу:
- социалдык-аярлуу категориядагы жарандар;
- бюджеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлери (мугалимдер, медицина тармагында кызмат көрсөткөндөр жана мамлекеттик, муниципалдык мекеме-ишканада иштегендер);
- турак-жай аянты белгиленген санитардык нормаларга жана талаптарга жооп бербеген жарандар (турак-жай шартын кеңейтүү максатында).
    Ипотекалык шартта салына турган көп кабаттуу үйлөрдөн бөлүп берүү маселеси эске алынат.
2. Чындыгында жаштар үчүн күйүп, аларга жакшы шарт түзүп берүү жөнүндө көтөргөн  маселеңиздер кубандырат. Бирок бул маселени четте карап турбастан эс алуу лагерин мурдагыдай жаштарды кабыл алы тургандай оңдоп түзөө максатында тиешелүү жумуштар жүргүзүлүп келе жатат.
Өзүңүздөр  билгендей     2010-жылы июнь окуясынан жабыр тарткан жалпы 19 үй-бүлө аталган  лагерге     убактылуу жайгаштырылып жашап келишкен, аларды 2015-жылы жер тилкеси бөлүнүп берип лагерден толук чыгарылган. Азыркы учурда бош турат.
Мындан сырткары  2018-жылы лагерге жалпы узундугу 456,0 метр, диаметри 100 мм болгон труба тартылган жана 50 кубтук саркынды суу топтолуучу кампа жана насостук станция курулуп пайдаланууга берилген. 
Эми мындан ары лагерге ыңгайлуу шарт  түзүп,  жаштарга жагымдуу чөйрө түзүп берүү максатында лагердин оңдоп түзөөзөгө юридикалык мекемелерге жана жеке ишкерлерге ижара шартында 2019-жылдын                              20-февралында Ош шарынын бюджети бекитилип эсептер ачылгандан кийин белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алууларынын расмий сайтына порталына жарыя бериле тургандыгын жана ага бардык жактар катышып, убактылуу мөөнөткө алса боло тургандыгын маалымдайбыз. 
48Кедейова Ш. -Манас-Ата кичи районунун жашоочусу. 1.Транспортко карылар үчүн канчадагы сумма акча карадык деп жатасыздар. Мен ушул маселе боюнча көптөн бери изилдейм да өзүнчө. Автобустар менен троллейбустар карыганда кол көтөрсөң албай кетип калат. Эмне үчүн десек сиздер төлөбөйсүздөр дейт. Сиздер бөлүп берген акчалар айдоочуларга кошулбайт экен. Водительдер бизге айтты ал акчалар бизге каралбайт. Биздин күнүмдүк бензинибизди аренда катары автобусту, троллейбусту алабыз дагы бензинибизди сарптап, ошого жараша план төгөбүз. Эгер планыбыз толбой калса, айлыгыбыздан кармалат дешет. Карыларга каралган акчалар бизге кошулбайт дешет. Ушуну контролго алып койсоңуздар. Карыларга бөлүнгөн акчанын эсебинен да водителдерге аялык төлөнүшү керек да. Ошон үчүн аядоочулар бизди албайт экен. 
2.Курулуштарга акча бөлүп жатыпсыздар, бирок Манас-Атага эч кандай жаңылык болбогонуна өкүнөм. /йлөр курулуп жатат. Сатыкка берилип жатат. Бирок бала чакабыз үчүн эч ким кам көргөн жок. Бир дагы садикти жаңылаган жоксуздар, бир да мектеп куруп берген жоксуздар. Эң начар жашаган эл ХБКада. Ошон үчүн бала бакча, мектеп жана поликлиниканы эске алып койсоңуздар. 
3.Суу чарбасы акчаны кадимкидей алат. Конокко келген 5 киши болсо да 5 киши деп жазып кетет. Как положено алат. Мейли алсын. Бирок бул акчаны төлөгөндөрү дагы бар. Төлөбөгөндөру да бар. Ошол акчаны алгандан кийин шаардагы люктарды да карап койсо. Люктардын үстү ачык.  
1.Ош шаардык Кеңешинин 2013-жылдын 11-октябрындагы №128 Токтому менен Ош шаардык муниципалдык менчик мекемесинин автоунааларында (автобустарда, троллейбустарда) 7 категориядагы жүргүнчүлөр акысыз жүрүүгө укуктуулугу белгиленген: 
 -жашы боюнча пенсионерлер;  
-Ош шаарынын ардактуу атуулдары; 
-Ош шаарынын аймактык Кеңештеринин жана Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын аксалдар соттору; 
-Ош шаардык социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери; -«Ош шейиттери» коомунун мүчөлөрү; 
-«Ош шамы» гезитинин журналистери; 
-Ош шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун медициналык кызматкерлери.  
Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына жеңилдиктерден пайдаланып жүрүүгө укуктуу жарандардын жол кире акысына жеңилдиктерге     15 000,0 миң сом каралды. Ар жылы Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин шаардык Кеңештин чечими менен жогорудагы 7 категориядагы атайын жеңилдик алып муниципалдык автобус, троллейбустарда акысыз жүрүүчү жүргүнчүлөргө компенсация  бөлүнүп берилет. Аталган ишкана компенсация катары бөлүнгөн акчаны айдоочуларга айлык акы, социалдык фондко, күйүүчү майга жана тетиктерге сарптайт, башкача айтканда бөлүнгөн каражат даректүү каржыланып, анын иштетилиши боюнча Ош шарынын мэриясына жана шаардык Кеңешке маалыматтар берилип турат. Жүргүнчүлөр тарабынан шаардагы коомдук транспорттордун айдоочулары тарабынан пенсионерлерди албай койгон жана жүйөөсүз себептер менен жүргүнчүлөрдү ташуунун эрежелери сакталбай, тартип бузуу фактылары катталса, Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигине (03222) 2-87-51, (03222) 2-28-14, Ош шаардык муниципалдык автоунаа ишканасына (03222) 3-95-80, (03222) 3-95-75 жана  Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш, өлчөм агенттигинин Ош аймактык башкармалыгына (03222) 8-88-84,  (03222) 8-88-85 телефондору,  аркылуу кайрылуу сунушталат жана тартип бузган айдоочууларга мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүлөт. 
2. Бул маселе боюнча Ош шаарынын узак мөөнөттүк өнүктүрүү программасынын алкагында иш алып барылууда, алсак шаардын аймагында жаңы конуштарга өзгөчө көнүл бурулууда, ал эми бала бакчаларды жана мектептерди оңдоп-түзөө жумуштары жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу аткарылууда. Үстүбүздөгү жылы аталган аймактагы У.Салиева көчөсүн оңдоп-түзөө боюнча аракеттер көрүлөт. 
3.Манас-Ата кичи районунда «Ошгорводоканал» муниципалдык ишканасына тийиштүү люктардын баары жабылуу. Ушул сыяктуу маселелер жаралса ишкананын диспетчердик кызматына кайрылсаныздар болот. Тел. 105, 8-11-51, 8-11-15
49Адыкова М.-Ош шаарынын 218 кварталынын тургуну. 1.Биздин аймактын 15 жылдан бери чечилбей келе жаткан таза суу проблемабызды бюджетте карап, мэрдин программасына киргизип бердиңиздер. Ошол проблемабызды акырына чейин көзөмөлгө алып чечип берсеңиздер.1. №5 «Керме-Тоо» аймактык кеңешинин 218-кварталды таза-суу менен камсыз кылуу үчүн 2016-жылы узундугу 820м.  түтүкчө тартууга башкармалык тарабынан долбоорлоо-сметалык иш кагаздары даярдалган, ал эми бүгүнкү күндө жашоочулар көбөйүп көчөлөр кошулгандыгына байланыштуу башкармалык кошумча долбоорлоо сметалык иш кагаздарын даярдоодо. Ошондой эле канализация маселеси суу түтүктөрүн толугу менен тартып бүткөндөн кийин гана планга киргизүү маселесин сунуштайбыз.
Ош шаарынын №5 «Керме- Тоо» аймактык кеешинин №218 кварталына таза суу түтүгүн тартуу маселеси 2019-жылдын иш-планына сунушталды.
50Мусабаев Т.-Ош шаарынын Кулатов кичи районунун тургуну.Мамлекеттик туруктуу өнүгүү стратегиясы бекитилген 2020-2040 деген. Ошол стратегияны аткарууда жалпы шаардын тургундары, шаардык Кеңеш, аткаруу бийлиги бардык иш-чараларды пландаганда, аткарганда дагы негизинен көңүл бурганга абзел болот да. Мисалы алып караганда азыркы эң көйгөйлүү проблемалардын бири айлана чөйрөнү коргоо. Шаардын деңгээлинде автомашиналардан чыккан, көмүрдөн чыккан көмүр кычкылтектин деңгелин бизде аныктоо зарыл да. Мисалы үчүн жакында эле Бишкекте аныкталды да. Ал жерде нормадан 1,5 эсе ашык экен. Ошондой эле суу ресурстарын башкаруу, таштандыларды кайра иштеп чыгуу, Жаштарды колдоо жана мамлекеттик мектептердеги ажатканалардын санитардык абалын оңдоо деген маселелерди дагы бюджетти бекитүүдө эске алсак деген сунуш. Ош шаарын 2019-2020-жылдарда өнүктүрүү программасы бекитилип, аталган программа 2020-жылга чейинки Ош шаарынын туруктуу өнүгүүсүнүн максаттарын, приоритеттерин жана милдеттерин аныктайт.
Туруктуу өнүгүүгө багыт алуунун максаты - жакынкы келечекте шаар калкынын жашоосун ар тараптан жакшыртууга ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат. 
Программа жергиликтүү бийлик органдардын, кызыкдар болгон бизнес структуралардын, мамлекеттик эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн жана эксперттердин катышуусунда иштелип чыкты жана Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамы менен бекитилген Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарынын чегинде ишке ашырыла турган иш-чараларды камтыйт. Ошондой эле программаны иштеп чыгууда Ош шаарынын 2025-жылга чейинки башкы планынын иш-чаралары эске алынды. 
Жергиликтүү бюджеттин долбоорунда бала бакчаларга, мектептерге жана башка мекемелерге (спорт мектептери, балдар үйү, балдардын чыгармачылык борборлору, эсепканалар жана билим берүү башкармалыгынын аппараты) эмеректерди, парталарды, компьютелерди сатып алууга, ремонт иштерине жана башка чыгымдарына акча каражаты -  48 918,8  миң сом, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча ар-түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө – 28 138,0  миң сом каралууда.
Ош шаардык билим берүү башкармалыгына караштуу 53 мектеп бар алардын ичинен №5 Бөкөнбаев, №18 А. Навои  жана №52 Кыргыз-Түрк Достугу мектептеринин ажатканалары имараттын ичинде жайгашып борбордук канализацияга туташтырылган. Ал эми 50 мектептин ажатканалары сырткы аймакта жайгаштырылган. 
      2018-жылы №11 Терешкова жатак интернатынын 8 көздүү (очки) ажатканасын 6 көзгө (очки) көбөйтүлүп 14 көздүү болуп ишке киргизилди.
      2019-жылга билим берүү башкармалыгы тарабынан билим берүү мекемелерине ажаткана куруу же оңдоп-түзөө иштери каралган жок. 




Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)