Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу агай-эжейлер! Кымбаттуу ардагер мугалимдер!

Урматтуу агай-эжейлер! Кымбаттуу ардагер мугалимдер!

05 октябрь 2022, Среда
607
0


Мугалим-кандай гана ардактуу сөз. Мугалим кылымдардан бери келе жаткан ардактуу кесип. Анын педогогикалык акыл топтому, алысты көрө билгендиги, изденгичтиги жана жаш баладай жумшак байоо көңүлүн, бүткүл чыгармачылык кудуретин келечек ээлерине терең билим, мыкты тарбия берүүгө жумшагандыгы менен кадырлоого ээ болгон инсан.

Баарыбыздын башат-тамырыбыз, асыл ой-тилектерибиз, жетишкен ийгиликтерибиз биринчи кезекте мектеп менен байланыштуу. Элибиздин рухий байлыгы мектеп аркылуу калыпка салынаары белгилүү. Андыктан адамдардын жан-дилине илим-билим үрөөнүн сээп, жаркын максаттарга үндөгөн мугалимге кандай алкыш айтсак да жарашат.

Бүгүнкү күн сиздер үчүн көңүлүңүздөр кубанычка толгон өзгөчө күн. Ал Эл аралык мугалимдер күнү. 

Андыктан, баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен чын жүрөктөн Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан куттуктайм жана сиздерге бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай, ары жоопкерчиликтүү, ары сыймыктуу ишиңиздерде чоң-чоң ийгиликтердин ээси боло беришиңиздерди каалайм. 

Мугалим илим-билимге чыйыр жол салган, жалпы адамзат үчүн кызмат кылган ченемсиз, сый-урматка ээ болгон кесип. Андыктан педагогдордун азыркы учурда аткара турган милдети бир жагынан өтө ардактуу болсо, экинчи жагынан ошончолук жооптуу. Себеби, билим берүү, таалим-тарбия жана агартуу тармагын өркүндөтүү ишинде мугалимге өзгөчө милдет тагылган. Өлкөбүздө жүрүп жаткан ар кандай реформаларга аралашып, аны алдыга жылдыруучу жаңы күчтөр дал ушул мектептер аркылуу даярдалып, улуттар аралык ынтымакка, адамдар ортосундагы өз ара жылуу мамилеге жана журт ичиндеги бейпилдикке бекем данакер болуучулар десем жаңылышпайм.

Ошондуктан, сиздерди дайыма биз мөмөлүү даракка салыштырып, сыймык менен айтабыз. Анткени сиздер тарбиялап, билим берип өстүргөн окуучуларыңыздар бүгүн ар кайсы кесиптерди аркалап, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө ар тараптан салымдарын кошуп жатышат.

Эң негизгиси көп улуттуу мамлекетибизде, анын ичинде Ордолуу Ошубузда ынтымак-ырашкерлик, тынчтык жана достук бекем болсун. Ардактуу, жоопкерчиликтүү эмгегиңиздерде жана милдетиңиздерде чоң-чоң ийгиликтерди жарата беришиңиздерге тилектешпиз.


Ош шаардык 

Кеңешинин төрагасы                                                                                                                  С.С.Назылбеков 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)