Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Бокс боюнча XI эл аралык турнири башталды

Ош шаарында Бокс боюнча XI эл аралык турнири башталды

05 октябрь 2022, Среда
454
0

 Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарында СССРдин спорт чеберлери, бир тууган ага-инилер Абдували жана Нургазы Арзиевдердин жаркын элесине арналган Бокс боюнча XI эл аралык турнири башталды. 


Анын ачылыш аземине Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жана чакырылган коноктор катышышты.


Шайырбек Нуранов өз сөзүндө Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековдун жана депутаттардын атынан мамлекеттин туусун көтөрүп, дүйнө жүзүнө тааныткан, даңазалаган спорт чеберлерин куттуктады.


Спорт дүйнөсүнүн эң баалуу жана кызыктуу түрү Бокс боюнча Эл аралык, Азиялык жана дүйнөлүк чемпионаттарда биздин чыгаан мушкерлердин катышып, баш байгелерге ээ болуп  жатышкандыгын баса  белгилеп,   жалпы эле спортсмендерибизге ийгилик жана алдыдагы мелдештерде зор жеңиштерге жетишээрине тилектештигин билдирди.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)