Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Төрага Ж.Ормоновдун «Нооруз» майрамына карата куттуктооcу.

Төрага Ж.Ормоновдун «Нооруз» майрамына карата куттуктооcу.

19 март 2019, Вторник
3 204
0
Урматтуу Ордолуу Ош шаарынын тургундары жана кадырлуу коноктору!
Сиздерди улуу «Нооруз» майрамы менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан чын дилимден куттуктайм!
«Нооруз» - жаңылануунун жана жаштыктын башаты катары, жан дүйнөнү тазарткан касиети менен биз үчүн баалуу.
Санжыралуу Ноорузда жаратылышта гана эмес, ар бирибиздин жүрөгүбүздө да жаңылануу болоооруна ишенем.
Себеби, бул күндү, чексиз кубаныч жана жаркын үмүттөр менен тосуп келебиз.
“Ноорузду” биз жаздын, ак эмгектин, жакшылыктын жарчысы катары майрамдагандай жаңы күндө кош айдап, дан сепкен дыйкандарыбыздын түшүмү мол болсун!
Кылымдарды каарыткан касиеттүү шаарыбызда дайыма жарыктыктын шооласы өчпөй, жаңы күндүн башталышы болгон «Нооруз» элибизге барчылык, токчулук алып келсин!
Ала-Тоонун койнунда жашаган кадырлуу, көп улуттуу элибиздин коломтосуна жакшылыктын үрөөнү себилсин!
Урматтуу шаардыктар!
Кыргыз мамлекетибизде жана сүйүктүү шаарыбызда   зор өнүгүү, өсүүлөр менен, бул ырыскылуу майрамды ар тармактуу ийгиликтердин үстүндө тосуп жаткандыгыбыз биз үчүн кубанычтуу жана сыймыктуу!
Бүгүн биз, аруу тилектер менен келечекке карай ишенимдүү кадамдарды жасап жатабыз.
Алдыбызда койгон бийик максаттарга жетип, кыйынчылыктарды жеңүүгө бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар.
Ал үчүн бизге бекем эрк! келечекке болгон терең ишеним керек!
Андыктан Ак пейил тилектерибиз кабыл болуп, жаңы жылда мамлекетибизге жана Ордолуу Ош шаарыбызга кут уяласын!
Элибизде болоттой бекем биримдик, сый-урмат, ынтымак күчөп, кадырлуу Ак сакал аталарыбыздын, даанышман апаларыбыздын Ак баталары колдосун!
Баарыңыздардын жүрөгүңүздөрдөн ыйман, жүзүңүздөрдөн жылмаю кетпесин!
Мамлекетибиздин келечеги кең болсун!
“Нооруз” майрамыңыздар менен!
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)