Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековдун шаар күнүнө карата куттуктоосу

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековдун шаар күнүнө карата куттуктоосу

05 октябрь 2021, Вторник
829
0

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбековдун

шаар күнүнө карата куттуктоосу


Урматтуу Ордолуу Ош шаарыбыздын 

тургундары жана меймандары!


Баарыңыздарды Ош шаарыбыздын майрамы менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм.

Ош Кыргызстандын эле эмес, Борбордук Азиядагы байыркы шаарлардын бири. Бүгүн сүйүктүү шаарыбызга 3021 жыл толуп олтурат. Касиеттүү Сулайман-Тоонун тегерегинде жайгашып, Улуу Жибек Жолу өтүп, Батыш менен Чыгышты, Европа менен Азияны байланыштырып турган тарыхы бар маанилүү шаар.

Эзелтен эле Ош кол өнөрчүлөрдүн, соодагерлердин, усталардын жана зергерлердин башын бириктирип, берекенин жергеси болуп келген. Ар улуттун өкүлдөрү байырлап, нечен-нечен кылымдар бою ынтымакта жана биримдикте жашоонун жакшы салттарын калыптандырган.

Эгемендик жылдары мамлекетибиз татаал жол, тайгак кечүүлөрдөн өттү. Өлкөбүздүн тагдырына туш келген сыноолорду шаарыбыз да баштан кечирди. Ниети бузуктардын ою ишке ашпай, сабырдуу жана кеменгер элибиз ынтымакты ыдыратпай, мамлекеттин биримдигин сактап, туруктуулукту калыбына келтирип, тынч турмуш жолуна түшүүгө жапа тырмак көмөк көрсөтүштү.

Акыркы жылдары касиеттүү шаарыбыздын эмгекчил, мээнеткеч көп улуттуу элибиз эриш-аркак жашап, өнүгүүнүн туруктуу жолуна түштү. Жаңы конуштар түптөлүп, көп кабаттуу үйлөр, мектеп, балдар бакчалары, спорт аянтчалар курулуп пайдаланууга берилди жана азыр да бул жакшы саамалыктар уланып жатат.

Биздин максатыбыз ата-бабаларыбыз кылымдар бою калыптандырган ынтымакты жана биримдикти көздүн карегиндей сактоо. Пейилибизди оңдоп, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, береке байырлаган шаарыбызды кийинки муундар суктангандай шаарга айландыруу. Эл өкүлдөрү, аткаруу бийлиги менен биргеликте бул максатты ишке ашырууга аракет кылабыз жана сөз беребиз.

Урматтуу шаардыктар!

Баарыңыздарга чың ден соолук, бак-таалай, ынтымак-ырашкерлик менен өнүгүүнүн туура жолунда көрөгөчтүлүгүбүз, ак ниет эмгегибиз, маданиятыбыз, нарк-насилибиз аркылуу, Сыймыктуу шаарыбыз мындан да гүлдөп-өнүгүп, Борбор-Азия чөлкөмүндөгү адам баласы суктанган шаарга айлануусуна Жараткан жар болсун.

Майрамыңыздар менен!




Ош шаардык 

Кеңешинин төрагасы                                                                                                      С.Назылбеков 


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)