Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болду

Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болду

19 март 2019, Вторник
2 752
0
2019-жылдын 19-мартында Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын кезектеги  отуруму болуп өттү.
            Отурумда жалпысынан 8 маселе каралды. Анын ичинен Ош шаарынын тургундарынан келген каттардын негизинде, дарылануу үчүн, материалдык жардам көрсөтүү боюнча 3 маселе, шаардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган 2 маселе, шаардагы коомдук-социалдык иш чараларга байланыштуу 1 маселе оң жагына чечилип, шаардык Кеңештин сессиясына сунушталды. 
Ал эми «Ош-Технопарк» коомдук бирикмесине ижара шартында имарат бөлүүгө байланышкан маселеси Ош шаарынын мэриясы тарабынан, кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү максатында, артка кайтарылып алынып, күн тартибиндеги акча каражатын бөлүп берүүгө байланышкан бир маселе депутаттардын колдоосун алган жок.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)