Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгында элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындары башталды

Ош шаарынын “Туран” муниципалдык аймактык башкармалыгында элдик курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындары башталды

17 октябрь 2022, Понедельник
805
0

  2022-жылдын 15-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти “Элдик курултайды чакыруу жөнүндө”  Жарлыгын чыгарган. Ал Жарлыкты  аткаруу максатында  2022-жылдын      21-сентябрында  Ош шаардык Кеңеши 2022-жылдын 5-ноябрында Ош шаарынын   жергиликтүү жамаатынын курултайын өткөрүү жөнүндө токтом кабыл алды.   Токтомдо  17-октябрдан  25-октябрга чейин  аймактык башкармалыктарда  чогулуштарды өткөрүп, шаардык курултайларга делегаттарды шайлоо каралган. 

   Бүгүн, 17-октябрда Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайына делегаттарды шайлоо боюнча “Туран”муниципалдык аймактык башкармалыгында жыйын болуп, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.С.Назылбеков,  депутаттар  А.К.Айтбаев, Б.Т.Баетов, А.Раимбердиева, Х.А.Исамовалар катышышты. Жыйынды эл өкүлү Арыпбек Айтбаев алып барып, Ош шаарында өтө турган   курултайга жыйындын катышуучуларынын ачык добушу менен 59 делегат шайланып, жыйындын протоколу менен бекитилди.

Талкуулоо

Окшош жаңылыктар:

Пикир калтыруу
Пикирлер (0)