Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ошто Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын жыйындары уланууда

Ошто Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын жыйындары уланууда

18 октябрь 2022, Вторник
673
0

     Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайына делегаттарды шайлоо боюнча “Сулайман-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыктын жыйынында, Ош шаардык Кеңешинин депутаттары  Нуркыз Кадырбек кызы, Дамира Абдибаева, Эмилбек Раимов,  Роза Жоошбаева, Нурислам Каримовдор катышышты.  

     Жыйынды эл өкүлү Нуркыз Кадырбек кызы алып барып, Ош шаарында өтө турган   курултайга жыйындын катышуучуларынын ачык добушу менен 83 делегат шайланып, жыйындын протоколу менен бекитилди.

Белгилей кетсек, ушундай эле жыйын эртең, 19-октябрда “Керме-Тоо” муниципалдык аймактык башкармалыгында өтөт.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)