Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарындагы Орке айылында мектептин курулушу аяктады

Ош шаарындагы Орке айылында мектептин курулушу аяктады

29 декабрь 2021, Среда
720
0

Ош  шаарындагы Орке айылында мектептин курулушу аяктады

            Бүгүн, 2021-жылдын 29-декабрында Жапалак айылдык аймактык башкармалыгына караштуу Орке айылында 375 орундуу №34 мектептин ачылуу аземи болуп өттү.

            Мектепти ачуу аземине Сауд Аравиясынын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Назылбеков Салман Сатыгулович,  Ош шаарынын мэри Мамбетов Алмаз Ишенбекович, Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Нуранов Шайырбек Шермаматович, Ош шаардык Кеңешинин депутаты Абдуллаев Данияр Амановичтер катышышты.

            Мектепти ачылыш аземинде Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Назылбеков С.С. сөз сүйлөп, өз сөзүндө жаңы, заманбап мектептерди, балдар бакчаларын куруу балдарыбыздын келечегине камкордук экендигин баса белгилеп, мындай алгылыктуу иштер дагы улана бере тургандыгын билдирди. Ошону менен катар мектеп жамаатын 2022-жаңы жылы менен куттуктап, бул мектепте балдар татыктуу билим алуу менен Кыргызстандын экономикасын көтөрө турган инсандар чыга тургандыгына ишенээрин билдирди.



Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)