Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарында жаңы алынып келинген автобустардын ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү

Бүгүн, 18-октябрда Ош шаарында жаңы алынып келинген автобустардын ачкычын тапшыруу аземи болуп өттү

18 октябрь 2022, Вторник
396
0

Аземге Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков, Ош шаарынын мэри А.Мамбетов, “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фондунун төрагасы А.Аалиев, “СамАвто” автозаводунун Орто Азия өлкөлөрүнө экспорттоо тобунун башчысы А.Нишанбаев жана башкалар катышты. 


Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков өз сөзүндө, шаардагы болуп жаткан алгылыктуу иш чаралардын бири жана негизгиси болгон коомдук транспорттун көйгөйлөрү бир четтен чечилип келе жатышы, “Өзбек-Кыргыз” өнүктүрүү фонду аркылуу Ош шаарына сатып алынып келинген автобустар шаарыбызда бир аз болсо да автотыгын, жүргүнчүлөрдү ташуу маселесин жолго салаарын, автобустар шаардын муниципалдык каттамдарына коюлуп, шаардыктарды тейлөөдө жакшы иш алып барышы, эң негизгиси мектеп окуучуларын жогорку деңгээлде тейлөөнү баса белгилеп, муниципалдык автобустук каттамдардын ачылышы менен шаардыктарды куттуктап, айдоочуларга жоопкерчиликтүү жана сыймыктуу иштерине ийгиликтерди каалады.


Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)