Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын жаңы жылдык куттуктоосу

Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын жаңы жылдык куттуктоосу

31 декабрь 2021, Пятница
675
0


Урматтуу Ордолуу Ош шаарыбыздын тургундары!

Кымбаттуу кадырман калкым! 

Сиздерди, 2022-жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! 

Жаңы жылда кайраттуу, күч-кубатта жалаң жакшылыктардын, алга жылуулардын үстүндө болуп, жергебизге улуу дөөлөт, кут-береке консун.

Өлкөбүздүн эгемендүүлүгү, элибиздин ынтымагы жана биримдиги менен таза пейилде, ыйманыбыз бекем, тагдырыбыз, максатыбыз, тилегибиз мамлекетибиздин өнүгүп жаткан жолу ачык болуп, келечекке койгон максаттарыбыз орундалсын. 

Сиздердин жана жакындарыңыздардын ой-тилектери ишке ашып, Жараткан элибизди, жерибизди жамандыктан, кырсыктардан сактасын.

Жаңы жыл ак тилектин, жаркын маанайдын, жакшы иштердин, ынтымак-ырыстын, ийгиликтердин жана тилектештиктин жылы болсун.  

Баарыңыздар дайыма бекем ден соолукта болуп, айдан аман, жылдан эсен, саламатчылыкта болуп, элибиздин коломтосунан от, дасторконунан кут кетпесин!

Урматтоо менен,


Ош шаардык Кеңешинин 

төрагасы                                                                                      С.Назылбеков











Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)