Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ошто Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын жыйындары уланууда

Ошто Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын жыйындары уланууда

20 октябрь 2022, Четверг
601
0

  Бүгүн, Ош шаарынын “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгында  2022-жылдын 5-ноябрында Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын өтүүчү курултайына делегаттарды шайлоо боюнча жыйын болуп өттү. 

Аталган жыйынга Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков, шаардык Кеңештин депутаттары, Э.Арзиев, А. Эркин уулу, М.Джусупов, Т.Жээналиев, Б.Баетов жана Б.Үсөнов катышышты.
   Жыйынды Ош шаардык Кеңешинин депутаты Э.Арзиев алып барды. Жыйынга катышкан “Манас-Ата” муниципипалдык аймактык башкармалыгынын жашоочулары тарабынан 83 делегат ачык добуш менен шаардык жергиликтүү жамаатынын курултайына шайланып, жыйындын протоколу бекитилди.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)