Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ошто Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын жыйындары уланууда

Ошто Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү жамааттын жыйындары уланууда

21 октябрь 2022, Пятница
496
0

  21-октябрда Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын элдик курултайына делегаттарды шайлоо боюнча “Амир-Темир” муниципалдык аймактык башкармалыктын жыйынында, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттар  Мирбек Маматов, Илияз Абдрахманов, Хашим Ахмеджанов, Болотбек Баетов, Нурислам Каримовдор катышышты.  

Жыйынды эл өкүлү Мирбек Маматов алып барып, Ош шаарында өтө турган  курултайга жыйындын катышуучуларынын ачык добушу менен 76 делегат шайланып, жыйындын протоколу менен бекитилди. Белгилей кетсек, ушундай эле жыйын эртең, 24-октябрда “Курманжан-Датка” муниципалдык аймактык башкармалыгында өтөт.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)