Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болду

Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болду

23 апрель 2019, Вторник
3 223
0
            2019-жылдын 23-апрелинде Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын кезектеги  отуруму болуп өттү.
            Отурумга аталган комиссиянын тутумуна кирген 10 депутаттын ичинен 6 депутат катышты. Алар: Батыров А.Т.–комиссиянын төрагасы, комиссиянын мүчөлөрү Арзиев Э.М., Нариев Ж.А.,Нуранов Ш.Ш., Эркебаев Т.К, Капаров И.Т.
            Отурумда жалпысынан 6 маселе каралды. Анын ичинен Ош шаарынын тургундарынан келген каттардын негизинде, дарылануу үчүн, материалдык жардам көрсөтүү боюнча 3 маселе, бала бакчанын материалдык жабдуусун жакшыртууга багытталган 1 маселе, шаардык Кеңештин сессиясына сунушталды. 
Бюджеттик акча каражатынын жетишсиздигине байланыштуу «Ажарлуу аялзат» коомдук бирикмесине жана «Ош-55» ветерандардын футбол клубуна колдоо көрсөтүү үчүн акча каражатын бөлүп берүү маселеси депутаттардын колдоосун алган жок.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)