Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарында Баткен окуясын эскерүү аземи белгиленди

Ош шаарында Баткен окуясын эскерүү аземи белгиленди

26 октябрь 2022, Среда
662
0

    Бүгүн, 26-октябрда Ош шаарында 1999-2000-жылдарда Баткен окуясында Кыргыз Республикасынын аймактык бүтүндүгүн коргоо боюнча аскердик жана кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгондорду эскерүү күнүнө арналган  азем болуп өттү. 

   Аталган аземге Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Кушбак Шайиев, Ош шаарынын мэриясынын биринчи вице-мэри Марс Исаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев катышты.

    Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Кушбак Шайиев төрага Салман Назылбековдун жана депутаттардын атынан Баткен окуясында патриоттук ураанды туу туткан биздин куралдуу күчтөрүбүздүн эр жүрөк жоокерлери  эч качан унутулбастыгын баса белгиледи. 

    Алардын эрдигине таазим этип, ата-энелерине, уул-кыздарына, жакын туугандарына жана санаалаш жоро-жолдошторуна көңүл айтып,  мындай каргашалуу окуялар куттуу жерибизде экинчи кайталанбасын деген тилегин билдирди. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)