Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү

Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болуп өттү

01 ноябрь 2022, Вторник
430
0

   Бүгүн, 1-ноябрда Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кезектеги отуруму болду.

     Отурумду туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Э.Арзиев алып барды.

Отурумдун күн тартибиндеги Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын Ош шаарында калктуу конуштун жерлери, айыл чарба багытында эмес жерлер, ошондой эле имараттар, курулмалар жана жайлар үчүн салык салуунун зоналдык коэффициентинин Кз маанисин бекитүү жөнүндөгү маселе депутаттар тарабынан кызуу талкууланып, Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясынын кароосуна сунушталды.

   Андан сырткары жергиликтүү бюджеттен кошумча акча каражаттарын бөлүп берүү жөнүндөгү маселе каралып, отурумдун чечиминин негизинде сессиянын кароосуна сунушталды. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)