Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.

03 май 2019, Пятница
2 861
0
2019-жылдын 3-майында Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү.
            Отурумга туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Б.Шоноев, депутаттар Р.Турдуев, Р.Касымов, Ош шаарынын вице-мэри А.Топчубаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Отурумдун күн тартибине Ош шаарындагы Туран кичи районунан Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын, Бирлешкен, Учар, Араван районунун жашоочуларына агып баруучу «Араван-Ак-Буура» каналына №1 «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын үйүнөн агып жаткан саркынды суулар, каналдын тазалыгы, калктын таза сууга болгон кайдыгер мамилеси жөнүндө маселеси коюлуп, депутаттар жана мекеме-ишканалардын тиешелүү адистери тарабынан кызуу талкууланды.
Жыйынтыгында Ош шаардык мэриясынын №1 «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы Р.Мирзабаевге Ош шаарындагы Туран кичи районунан Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын, Бирлешкен, Учар, Араван районунун жашоочуларына агып баруучу «Араван-Ак-Буура» каналына №1 «Туран» муниципалдык аймактык башкармалыгынын жашоочуларынын үйүнөн агып жаткан саркынды сууларды, каналдын тазалыгын, калктын таза суу менен камсыз болуусун такай көзөмөлгө алып, жашоочуларга түшүндүрүү иштерин массалык-маалымат каражаттары аркылуу жүргүзүү тапшырылды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)