Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Урматтуу маданият кызматкерлери!

Урматтуу маданият кызматкерлери!

02 ноябрь 2022, Среда
582
0

          Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – “Маданият кызматкерлеринин күнү” менен Ош шаардык Кеңешинин депутаттарынын атынан кызуу куттуктайм! 

Ордолуу Ош шаарыбызда элибиздин жашоо-турмушундагы көйгөйлөрдү бир аз болсо да унуттуруп, маанайын, маданиятын көтөрүүдө  жогорку деңгээлдеги маданий иш чаралар өткөрүлүп келе жатат.   Бул алгылыктуу  иштердин башында сиздердин, маданият кызматкерлери салымыңыздар зор деп айтмакчымын.  

 Шаарыбызда өткөрүлгөн бир топ маанилүү иш чаралардагы сиздердин баалуу эмгегиңиздер аркылуу биз кошуна мамлекеттерге атыбыз угулуп, карым-катташыбыз жыл сайын бекемделүүдө. 

Анын ичинен маданият башкармалыгынын чыгармачыл тобу, музыкалык, искусство окуу жайлары, драмалык театрлары, элибиздин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон белгилүү аткаруучулар, борбордук китепкана кызматкерлеринин жигердүү иш аракеттеринин алдында шаарыбыздын зоболосу бир нече баскычтарга өстү десем жанылышпайм.                

“Маданияты жок мамлекет, маданияты жок эл болбойт” деп айтылат. Албетте чыгармачылыгыңыздарды арттыруу үчүн ар тараптан колдоо көрсөтүү зарыл. 

Бул багытта шаардык Кеңеш тарабынан маданият тармагын колдоо жана каржылоо маселелери каралып жатат. Алдыда дагы жакшы колдоолор болот деген ойдомун. 

Эң негизгиси көңүлүбүздү ачык кылып, каалоо-тилегибизди жакшы жышаандарга багыттасак, дагы зор ийгиликтерге баарыбыз биргеликте күбө болобуз деген терең ишеничтемин. 

     Кымбаттуу маданият кызматкерлери, дагы бир жолу майрамыңыздар менен куттуктап, бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана чыгармачылык ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!

Кесиптик майрамыңыздар кут болсун!

Салман Назылбеков,
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)