Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаардык Кеңешинин депутаттары шаардын кышка даярдыгы менен таанышты

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаардык Кеңешинин депутаттары шаардын кышка даярдыгы менен таанышты

02 ноябрь 2022, Среда
468
0

    Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы М.Маматов, комиссия мүчөлөрү, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков, төраганын коомдук башталыштагы орун басары К.Шайиев, туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Б.Баетов, Ош шаарынын вице-мэри С.Джунусбаев жана башка мекеме-ишкананын жетекчилери менен биргеликте көчмө жыйын болуп өттү.

    Ош шаардык жылуулук электр борбору, Ош муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасы, Райондук электр тармактар ишканасынын даярдыктарынын жүрүшү, Ош шаардык автоунаа муниципалдык ишканасынын, “Ош шаарынын мэриясынын жүргүнчүлөр транспортунун агенттиги” муниципалдык ишканасынын  автоунааларынын кышка карата абалын эл өкүлдөрү жерине барып таанышып келишти.

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму 4-ноябрь күнүнө белгиленди. 

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)