Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаарынын 2022-жылдагы бюджети боюнча коомдук угуу болуп өттү.

Ош шаарынын 2022-жылдагы бюджети боюнча коомдук угуу болуп өттү.

08 февраль 2022, Вторник
1 445
0

Ош шаарынын 2022-жылдагы бюджети боюнча коомдук угуу болуп өттү.

              2022-жылдын 8-февралында Ош шаарынын 2022-жылдагы бюджетинин долбоору боюнча коомдук угуу Ош шаарынын тургундарынын, Ош шаардык Кеңешини депутаттарынын, Ош шаарынын мэриясынын, муниципалдык мекеме-ишканалардын, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн жана “Интербилим” коомдук бирикмесинин катышуусунда кызуу талкуу менен өттү. Бул иш-чара Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга долбоору жана 2023-2024-жылдар болжолу Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык жергиликтүү бийлиги тарабынан даярдалган. Доолбор Кыргыз Республикасынын Бюджеттик жана Салык кодекстеринин, «Ош шаарынын статусу жөнүндөгү», «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндөгү» мыйзамдарынын, ошондой эле 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин аткарылыштарынын негизинде түзүлүп, иш чаранын программасына ылайык коомдук угууну Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков алып барды. Ал өз сөзүндө бюджеттик угууларды өткөрүүнүн максаты, бюджеттин каражаттарын кайсыл багыттарга жумшалуусу боюнча элге кеңири маалымат таратуу менен бюджеттин ачык айкындуулугуна жетишүү жана кызыкдар тараптардын катышуусу менен көйгөйлөрдү эл алдында кеңири талкулоо жана бул өз кезегинде бюджеттик каражаттардын калктын кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткандыгына ишенимдүү болууга мүмкүнчүлүк берерин белгилеп кетти. Ошондой эле Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков Ош шаарынын 2022-жылдагы бюджетинин өзгөчөлүүлүгүнө токтолуп, быйылкы жылдагы бюджетте Ош шаардык капиталдык курулуш жана Ош шаардык жолдор башкармалыктарынын курулуш иштерине былтыркы жылга салыштырганда көп акча каралып жаткандыгы тууралуу айтып өттү. Андан кийин Ош шаарынын 2022-жылдагы бюджетинин долбоору боюнча Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Д.Абдуллаев 2022-жылга бюджеттин киреше бөлүгү, бюджеттин чыгаша бөлүгү, жалпы максаттагы мамлекеттик кызматтар, коргоо, турак жай жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр, спорт жана маданият тармагы, билим берүү, социалдык коргоо боюнча баяндама кылды. Андан кийин Ош Интербилим коомдук уюмунун жетекчиси Г.Мамасалиева Ош шаарынын 2022-жылдын бюджетинин долбоору боюнча өткөн жылга салыштыруу менен баяндама  жасады. Негизги баяндамачылардан кийин залдагы катышуучулар Ош шаарынын 2022-жылдагы бюджети боюнча кызыккан суроолорун беришти. Суроолор кагаз жана ооз-эки түрүндө берилип, жеринде жооптор берилди. Ал эми кагаз түрүндөгү суроолорго Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте каралып, жооптору Ош шамы газетасы жана сайттар аркылуу берилери белгиленди. Коомдук угууда айтылган сунуштар Ош шаардык Кеңешинин кезектеги сессиясында Ош шаарынын 2022-жылдын бюджетин кароодо эске алынаары белгиленди.  






Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)