Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

Туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болуп өттү

04 ноябрь 2022, Пятница
480
0


Бүгүн, 4-ноябрда Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Мирбек Маматов, комиссия мүчөлөрү, Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, депутаттар ИльязТурдуев, Тынарбек Жээналиев, Ашимжан кызы Айпери, Болотбек Баетов, Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов жана мекеме-ишкананын жетекчилери катышты.


Отурумда төмөндөгү маселелер каралды.

Ош шаарында 2022-2023-жылдарга күз-кыш өнөктүгүн өткөрүүгө карата жылуулук-энергетикалык комплекс мекемелери тарабынан көрүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө, Ош   шаардык муниципалдык автотранспорт мекемесинин, Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин аткарган иштери жөнүндө, Ош шаардык Кеңешинин 2011-жылдын 16-июнундагы №238 “Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдү техникалык жактан тейлөөнүн баасынын прейскурантын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маселелер депутаттар тарабынан талкууланып, сын-сунуштар айтылып, жыйынтыгында күн тартибиндеги маселелер Ош шаардык Кеңешинин сессиясына сунушталды.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)