Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине урмат сый
Бүгүн, Улуу жеңиш майрамынын 74 жылдыгына карата Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Жолдошов Касымбай атаны майрамы менен куттуктады. Төрага ардагердин тайманбаган эрдиги, эркиндикти сактап калууга кошкон түбөлүктүү салымы элибиздин жүрөгүндө сакталып, кийинки муундарга сабак болоорун белгилеп өттү. Эл өкүлү улуу ардагерибиздин ден-соолугу бекем болуп, өмүрлүү турмуш кечиришине каалоо тилектерин билдирип, майрамдык белектерин жана жергиликтүү каржы булагынан ажыратылган акчалай компенсациясын тапшырды. Ардагер Касымбай ата ыраазылык катары өзүнүн басып өткөн өмүрү баяндалган “Өрнөктүү өмүрлөр” аттуу автордук китебин тартуулады.
Жеңиш күнүн урматына Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын кол башчысынын “Мыкты аскердик кызмат үчүн” төш белгиси тапшырылды.








Жеңиш күнүн урматына Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын кол башчысынын “Мыкты аскердик кызмат үчүн” төш белгиси тапшырылды.









Талкуулоо
Окшош жаңылыктар:

04 март 2019, Понедельник
«Ак калпак» күнүнө карата Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун куттуктоосу

21 февраль 2019, Четверг
Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Ормоновдун Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктоосу
Пикирлер (0)