Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин депутаты Бакай Жолдошбаевдин демилгеси менен көмүр таркатылды.

Ош шаардык Кеңешинин депутаты Бакай Жолдошбаевдин демилгеси менен көмүр таркатылды.

12 февраль 2022, Суббота
725
0
Ош шаардык Кеңешинин депутаты Бакай Жолдошбаевдин демилгеси менен көмүр таркатылды.

 Кувейттин “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү аркылуу Ош шаардык Кеңешинин депутаты Бакай Жолдошбаевдин демилгеси менен аз камсыз болгон жарандарды колдоо жана Ош шаарынын калкынын социалдык жактан аярлуу катмарына жардам көрсөтүү максатында муктаж жарандарга 200 тонна көмүр   таркатылды.
    Аталган иш-чарага Ош шаардык кеңешинин депутаты Бакай Жолдошбаев, Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, “Ас-Сафа” эл аралык кайрымдуулук фондунун Ош шаарындагы өкүлү Алтынбек Ташиев, жана Ош шаарындагы баардык муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышты.
   Ош шаардык Кеңешинин депутаты Бакай Жолдошбаев “Ас-Сафа” кайрымдуулук фондунун өкүлүнө Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын жана шаардык Кеңештин депутаттарынын атынан ыраазычылык билдирип, алардын калктын социалдык аярлуу катмарын колдоого кошкон салымын жогору баалады.
   “Ас-Сафа” эл аралык кайрымдуулук фондунун Ош шаарындагы өкүлү Алтынбек Ташиев Ош шаарынын муктаж жарандары үчүн 100 тонна көмүр таркатылуусун белдирди.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)