Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын иш-чарасы болуп өттү.

“Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын иш-чарасы болуп өттү.

16 февраль 2022, Среда
952
0

Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын иш-чарасы болуп өттү. 


2022-жылдын 16-февраль күнү Ош шаарынын мэриясында “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын 2022-жылга карата Ош шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча иш планы менен таанышуу иретинде кеңейтилген жыйын болуп өттү. 

2022-жылга каралган иш планды талкуулоого Ош шаардык Кеңешинин төрагасы С.Назылбеков, Ош шаарынын мэри А.Мамбетов, төраганын орун басары Ш. Нуранов, депутаттар А.Аккулов, Бакир уулу Шахназар, Б.Баетов, Алмазбек кызы Назима жана шаардагы мекеме-ишканалардын, курулуш компаниялардын жетекчилери катышты.

Ош шаарын көрктөндүрүү, жашылдандыруу боюнча Ош шаардык Кеңешинин депутаттары өздөрүнүн ой-пикирлерин, сунуштарын жана жергиликтүү бюджеттен каралып жаткан акча каражаттарын максаттуу пайдаланып, шаар тургундарына жана шаарга келген конокторго Ош шаары-жашыл шаар экендигин көрсөтүү үчүн алдыга коюлган иш пландарды толук кандуу ишке ашыруу керектигин белгилешти.

Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)