Сурап-билүү кызматы:
(3222) 7-21-60
(3222) 5-52-18
Меню
» » Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болду

Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын отуруму болду

08 май 2019, Среда
3 281
0
2019-жылдын 7-майында Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын 2019-жылдагы үчүнчү отуруму болуп өттү.
            Отурумга аталган комиссиянын тутумуна кирген 9 депутаттын ичинен 7 депутат катышты. Алар: Рашев Н.Т.–комиссиянын төрагасы, комиссиянын мүчөлөрү Камчы уулу К., Абдрахманов О.Э., Алимбеков Н.К., Тажибаев Ж.Д., Хакимов Х.М., Турдубай уулу А.
            Отурумдун күн тартибине Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык мүлктүн реестрине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү багытында аткарып жаткан иштери жөнүндө, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жер, агрардык маселелер багытында аткарып жаткан иштери жөнүндө маалыматын угуу жөнүндө, Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жамааттарынын жайыттарды башкаруу, мал чарбасын өнүктүрүү боюнча планын жана жайыт комитетинин бюджетин бекитүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү Агентствосу тарабынан берилген техникаларды пайдалануу, механизаторлорду тандоо боюнча конкурстарды өткөрүү жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө, Масалиев кең көчөсүнүн №80 дарегиндеги жер тилкесинин функционалдык багыты жөнүндө, Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын аймагындагы 102 түп даракты кыйууга уруксат берүү жөнүндө, Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30-июлундагы №187 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маселелер киргизилип, кеңири талкууга алынды.
            Талкуунун жыйынтыгы менен Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын жер, агрардык маселелер багытында аткарып жаткан иштери жөнүндө маселени кененирээк даярдоо менен 2019-жылдын үчүнчү чейрегинде шаардык Кеңештин сессиясына алып чыгуу, Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2010-жылдын 30-июлундагы №187 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө маселе боюнча коомдук талкуулардын жыйынтыгы чыккандан кийин сессияга алып чыгуу чечими кабыл алынды.
            Ал эми күн тартибиндеги калган 4 маселе шаардык Кеңештин сессиясына сунушталды.
Талкуулоо
Пикир калтыруу
Пикирлер (0)